Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстан туристтерди жаңы технологиялар менен кызыктырат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Боинг 737-800" с надписью Bubusara ("Бубусара")
Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүн ичинде туризмди өнүктүрө турган 20 мыкты долбоор тандалып алынып, жеке инвесторлор тарабынан 100 миң долларга чейин каржыланат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан туристтерди өлкөгө кызыктыруу максатында заманбап технологияларды жана жаңы идеяларды ойлоп таба баштады. Бул тууралуу "KG Labs" коомдук уюмунун түзүүчүсү Азиз Солтобаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"KG Labs" коомдук уюмунун түзүүчүсү Азиз Солтобаев
Пресс-конференция О новых методах развития туризма в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
"KG Labs" коомдук уюмунун түзүүчүсү Азиз Солтобаев

Анын айтымында, туризмди өнүктүрүү идеялары (хакатон) командалык жумуштун жыйынтыгында аныкталат. Хакатон бүгүн башталып эки күнгө созулат. Эки күндүн ичинде туризмди өнүктүрө турган 20 мыкты долбоор тандалып алынып, жеке инвесторлор тарабынан 100 миң долларга чейин каржыланат.

"Дүйнөдө туризм тармагы бат өнүгө баштады. 50 жылдын ичинде туристтердин саны миллиардга өстү. Мындан улам көпчүлүк турист бара турган өлкөсү жана андагы тейлөө тууралуу кенен маалымат алгысы келет. Саякаттоого бара турган өлкө тууралуу билүү максатында турист дароо эле Интернетке кирип издей баштайт. Ал эми хакатон туризмди өнүктүрөм деген жаштар үчүн идеясын ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет", — деди Солтобаев.

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов
Пресс-конференция О новых методах развития туризма в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов
Ал эми Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, учурда Ысык-Көлдө пансионаттарды онлайн түрүндө брондоо ийгиликтүү иштеп жатат. Ал хакатондун жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги долбоорлор Кыргызстанды дүйнөгө таанытат деп ишенет.

© Sputnik / Табылды КадырбековХакатонду Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, "KG Labs" коомдук фонду жана Европа, Азия, Африкада хакатондорду өткөрүп жүргөн эстониялык Кай Айсэнд
Пресс-конференция О новых методах развития туризма в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Хакатонду Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, "KG Labs" коомдук фонду жана Европа, Азия, Африкада хакатондорду өткөрүп жүргөн эстониялык Кай Айсэнд
Хакатонду Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, "KG Labs" коомдук фонду жана Европа, Азия, Африкада хакатондорду өткөрүп жүргөн эстониялык Кай Айсэнд уюштуруп жатат.

Хакатон — веб-сайт, мобилдик тиркеме сыяктуу инновациялык идеяларды иштеп чыгаруучулардын форуму.

Жаңылыктар түрмөгү
0