Бишкектеги мектептин баары карантинге жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан мектеп окуучулары. Архив
Көчөдө бараткан мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептердеги окуу 5-декабрдан 12-декабрга чейин токтотулду. Учурда 93 мектептин 35инде окуучулардын 20 пайыздан ашыгы сасык тумоодон улам сабакка келбей жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектеги орто мектептин баары карантинге жабылганын мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Бүгүн вице-мэр Айгүл Рыскуловнанын жетекчилиги алдында координациялык комитеттин жыйыны өтүп, сасык тумоого байланышкан жагдай талкууланды.

"Ооруга 14 жашка чейинки балдар көп кабылган. Алардын саны 66,8 пайызды түзөт. Арасында 4 жашка чейинки наристелер 41,3 пайызга жетти. Балдардын көбү мектепке келбей жатат. Учурда 93 мектептин 35инде окуучулардын 20 пайыздан ашыгы сасык тумоодон улам сабакка келбей жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам аталган жыйында 5-декабрдан 12-декабрга чейин шаардагы мектептердин баарын карантинге жабуу чечими кабыл алынган.

Ал эми бала бакчаларга көзөмөл уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0