Медиктер Бишкектин бардык мектептерин карантинге жабууну сунуштоодо

Жазылуу
Ноябрь айында 1 010 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде 805и төрт жашка чейинки балдар. Ооруканага 14 жашка чейинкилер жана сасык тумоонун оор формаларына кабылган карылар жаткырылууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Медиктер Бишкектин бардык мектептерин карантинге жабууну сунуштап жатышат. Бул боюнча Sputnik Кыргызстанга агенттигине Ооруларды алдын алуу боюнча Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоо боюнча кырдаал оор бойдон калууда. 

"Ноябрь айынын ичинде эле 1 010 адам ооруканага жаткырылды. Анын ичинен 805и төрт жашка чейинки балдар. Ооруканага 14 жашка чейинки балдар менен сасык тумоонун катуу формаларына кабылган улгайган адамдарды жаткыруудабыз. Ал эми башкаларын, оорукананы толтуруп салбайлы деп үйүнөн дарыланууга жиберип жатабыз", — деди Буюклянов. 

Дарыгердин айтымында, бир ай ичинде Тез жардам кызматы сасык тумоо боюнча 2 859 чакырууга барышты. 

"Бирок муну эпидемия деп айтууга болбойт. Бул сасык тумоонун мезгилдик өсүшү. Былтыркы жылга караганда сасык тумоо быйыл көбүрөөк болгонуна карбай, эпидемия болгон жок. Анткен менен сасык тумоонун өсүшүн токтотуу максатында мектептерди карантинге жаап жатабыз", — деди медик. 

Ошондой эле ал дарыгерлер шаардагы бардык мектептерди карантинге жабууга сунуш киргизип жатканын кошумчалады. Буюкляновдун айтымында, ушул тапта 20 мектеп жабылып, бүгүн мэрия комиссиясы калгандары боюнча чечим кабыл алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0