Президент маданият кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоону талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял министра культуры, информации и туризма Тугелбая Казакова
Президент Алмазбек Атамбаев принял министра культуры, информации и туризма Тугелбая Казакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен министр Казаков маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүүнү талкуулашты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысына маданиятты өнүктүрүү, Кыргызстан элинин маданий мурасын сактоого жана арттырууга багытталган Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. 

"Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Түгөлбай Казаков маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү, анын ичинде турак-жай менен камсыздоо планын жана өлкөдө искусствону мындан ары өнүктүрүү приоритеттерин талкуулашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, быйылкы жыл президент тарабынан Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0