БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаңы биометрикалык паспорттордо ар бир жарандын электрондук колу коюларын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев мамлекеттик башкаруу тармагына маалыматтык технологияны киргизүүгө арналган тегерек столдо билдиргенин аталган мекеме маалымдады.
Сарпашев өз сөзүндө "Электрондук башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынышы менен электрондук өкмөттүн принциптерин мыйзамдуу түрдө чыңдоого жардам берерин айтты.
"Аталган мыйзам долбоору кабыл алынары менен мамлекеттик электрондук кызматы, өлкөдөгү электрондук документ алмашуунун бекем укуктук базасы түзүлөт. Бул өз кезегинде мамлекеттик органдарга электрондук башкарууну киргизүүгө шарт түзөт. Ошондой эле калкка электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеткиликтүү кылат", — деди Сарпашев.
Мамлекеттик каттоонун төрагасы ошондой эле жаңы биометрикалык паспортто ар бир жарандын колу болорун, бул өз кезегинде электрондук колду пайдалануу тармагын кеңейтерин кошумчалады.