Бишкекте сасык тумоонун айынан 20 мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРозы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке
Розы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте бир күндүн ичинде карантинге жабылган мектептердин саны эки эсе өстү. Бул мектептердеги окуучулардын үчтөн бир бөлүгү сасык тумоодон улам келбей калышкан. Дагы канча билим берүү мекемелери карантинге жабылары жума күнү белгилүү болот.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Оорулардын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мекеменин маалыматына ылайык Бишкекте 1-декабрга карата окуучулардын сабакка келүүсү текшерилип, натыйжада 20 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер: сасык тумоону антибиотиктер менен дарылоого болбойт
Бейшемби күнү сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнөн улам тогуз мектеп жабылган.

Мэриянын бүгүнкү күндөгү маалыматына ылайык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мекеме Бишкектеги 59 мектепти текшерип чыккан. Белгилүү болгондой, №1,6, 12, 13, 17, 22, 23, 28, 29, 33, 38, 40, 48, 57, 61, 65, 66, 67, 78, 79 мектептеринде, "Ариел-Лиор" жеке бала бакчасында, Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы жеке мектептерде жана "Сейтекте" окугандардын ичинен 30 пайыздан ашыгы сасык тумоого байланыштуу сабакка келбей калышкан.

"Мындан улам бүгүндөн тарта келерки дүйшөмбүгө чейин мектептердеги окуу процессин убактылуу токтотуп туруу токтому чыккан. Медицина кызматкерлери башка мектептерди текшерүүнү улантып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык маска кийген кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 10,8 миң адам сасык тумоого кабылды, эпидемия жок
Республиканын клиникалык инфекциялык ооруканасына сасык тумоо оорусунан улам 422 бейтап жаткырылган, алардын ичинен 395 адам — 14 жаштагы балдар, пайыздык көрсөткүч менен алганда 93 пайызын түзөт. Тез жардамга дал ушул оорудан улам кайрылгандардын саны өскөн. Кайрылгандардын ичинен 14 жашка чейинки балдар 57,4 пайызын түзгөн.

Калган мектептер боюнча чечим мэриянын координациялык комитетинин 2-декабрда боло турган жыйынында кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0