Депутат: имараттын 13-14-кабатында өрт чыкса куткаруучулар барбай деле койсо болот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште өрт өчүрүүчү унаалар имараттын эки тарабынан кирүүгө жол таппай калган учурлар арбын экени айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Көп кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрүү үчүн бүтүндөй Бишкекке бир гана унаа каралгандыгын депутат Гүлшат Асылбаева парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Гүлшат Асылбаева
Единственная женщина депутат от фракции Онугуу — Прогресс Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева

Ал өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге убагында барганы менен эч кандай жардам көрсөтө албай калып жатканын айтты. 

"Кыргызстанда 50 метр бийиктикке чейин жеткен бир эле өрт өчүрүүчү унаа бар экен. Бул нерсе 12-13-14-кабаттарда өрт чыкса куткаруучулар эч кандай жардам көрсөтө албайт деген сөз. Миллиондогон гранттар келип жатат. Ошонун бир кичинекей эле бөлүгүнө өрт өчүрүүчү унааларды сатып алсак болот да", — деди Асылбаева. 

Депутат өрт өчүрүү унаалары көпчүлүк учурда имараттарга эки тараптуу жол менен кире албай жатканын билгилеп өттү. 

"Акыркы жолу мектеп менен чиркөөнүн имараты өрткө кабылды. Аны тез өчүрүү үчүн куткаруучулар унаалары менен эки тарабынан кирүүгө жол таппай коюшкан. Имараттарды жармаштырып курууга ким уруксат берип жатат? Эмне үчүн коопсуздук шарттары текшерилген эмес", — деп суроо салды депутат. 

Ал ошондой эле кээ бир учурларда көбүк колдоно турган жерлерде куткаруучулар өрттү суу менен өчүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0