Дастан Бекешов: министрликтер жок дегенде бирден майыпты кызматка алышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мамлекеттик кызматта болгону 137 майып иштеп жаткандыгын жүйө келтирди.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ар бир министрлик жок дегенде бирден майыпты кызматка алышы керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эл өкүлү мамлекеттик кызматта болгону 137 майып иштеп жаткандыгын айтты. 

"Ар бир министрлик бир майып кишини жумушка алышы керек. Албетте квалификациясын кароо зарыл, бирок аларды жумушка алыш керек. Болбосо митингге чыгып, пособиени көтөргүлө дей берет", — деди Бекешов. 

Ал Билим берүү министрлиги да мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарт түзүп берүүсү керектигин айтып, жалпы республикалык тестирлөө аларга тоскоолдук жаратып жаткандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0