Чылым — жүрөк оорудан каза болуу ыктымалдыгын 8 эсеге жогорулатат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЧылым чегип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Чылым чегип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британиянын окумуштуулар эки миңден ашуун адамды эксперименттен өткөргөндөн кийин ушундай чечимге келген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жаш кезде тамеки чегүү жүрөк ооруларынан каза болуу ыктымалдыгын сегиз эсеге жогорулатат. Бул жөнүндө РИА Новости Heart журналына шилтеме жасап маалымдайт. https://ria.ru/science/20161130/1482476524.html 

Окумуштуулар инфаркт илдетинен жабыркап ооруканага түшкөн бейтаптарды изилдеп көрүүнү чечкен. 

"Жаш кезде көп тамеки чеккендер жүрөк ооруларынан каза болуу коркунучу жогору. Ошондуктан өзгөчө жаштарды жүрөк ооруларынан оолак кылуу үчүн чылым чекпеш керектигин кулакка куюп туруш керек. Себеби, алар ден соолугун дарыгерлер анча текшерттирип, кам көрбөйт", — деди профессор Амелия Ллойд. 

Улуу Британиянын окумуштуулар эки миңден ашуун адамды илимий сыноодон өткөргөндөн кийин жогорудагыдай чечимге келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0