Бишкек: "Түбөлүк отко" жумуртка кууруп, картошка бышырган түркөйлөр

Жазылуу
Бул видеоролик коомчулукта бир топ сын-пикирлерди жаратты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жаштар "Түбөлүк отко" жумуртка кууруп, картошка бышырып жатат. Ушундай аталыштагы видео мурдагы күнү Youtube каналына жайгаштырылган. 

Роликти жарандык активист, журналист Владимир Цай өзүнүн баракчасына жарыялаган. 

Анын айтымында, видеону салып жибергендер жакында эле тартылгандыгын айтышкан. Социалдык тармакта бул видео бир топтордун нааразылыгын жаратып, согушта курман болгон аталардын элесин урматтабай "тигил балдар тарбиясыздыгын көрсөтүп жатат" деген сын-пикирлер айтылды. 

Былтыр да Түбөлүк отко шаан-шөкөттүү жаштардын "отуруш уюштурганы" боюнча учур катталып, милиция келгенде алар жыйналып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0