Бишкектеги жети мектеп сасык тумоодон улам карантинге жабылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВ Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа
В Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантинден улам жабылган билим жайларында балдардын 30 пайызга жакыны сабакка келбей калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектеги жети мектеп сасык тумоодон улам карантинге жабылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Ооруларды алдын алуу боюнча Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоодон улам төмөнкү мектептер карантинге жабылды.

"Бишкектеги №6, №12 №22 №28 №40 №57 №79 мектептер жабылды. Сасык тумоолоп жабылган билим жайларында балдардын 30 пайызга жакыны сабакка келбей калган", — деди Буюклянов.

Ал борбор калаадагы сасык тумоого кабылган 10 миңге чукул шаардыктардын 60 пайызы балдар экендигин белгиледи. 

"Мындан сырткары сарык менен ооруган учурлар бар, бирок, мындан улам карантин киргизе тургандай абалда эмес", — деп кошумчалады дарыгер. 

Бир аз мурдараак шаарда сасык тумоонун арбышынан улам, медициналык жайлар беш эмес, алты күндүк иштөө тартибине өткөндүгү кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0