"Алкан" базарынын чатырынын урашы боюнча милиция иликтөө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники милиции на месте обвала крыши на центральном проходе на столичном рынке "Дордой"
Сотрудники милиции на месте обвала крыши на центральном проходе на столичном рынке Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базардын чатырынын урашынан беш киши жабыр тартып, анын төртөө кайра жандандыруу бөлүмүндө. Бир аял өзүнө келе албай комада жатат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Милиция "Алкан" базарынын чатырынын урашы боюнча иликтөө башталганын Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Алкан базарында урап түшкөн чатыр 450 чарчы метр жерди басып калды - Sputnik Кыргызстан
Ураган чатыр жана тез жардам: “Дордой" базарынан тартылган сүрөттөр
Эске салсак, 29-ноябрда "Дордой" соода комплексиндеги "Алкан" базарынын негизги өтмөгүнүн чатыры урап, беш киши жабыркаган болчу. Алардын төртөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жактырылган эле. Бир жаран амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Бир аял өзүнө келе албай комада

Милициядан шаардык ИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, алгачкы маалыматтарды топтогондугун кабарлады.

"Эми техникалык-коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоого болот", — деп билдиришти милициядан.

Милициядан мындан аркы жагдайын абалы жабыркагандардын укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, кайрылбаганына жараша болорун айтышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0