Күн жылыгандыктан дарыялардагы муздун көтөрүлүү коркунучу жогору

Жазылуу
ӨКМ шаар жетекчилерине жана жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарына адам курмандыктарын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жакынкы күндөрү өлкө боюнча күн жылып тоолуу аймактардагы жолдорго көчкү түшүп, дарыядагы муздар көтөрүлүшү ыктымал. Бул боюнча ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев билдирди. 

"28-ноябрдан тарта 3-декабрга чейин аба ырайынын кескин жылып, күндүзү 10 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө. Ошондуктан тоолуу аймактарда көчкү жүрүп, дарыяларда муздардын көтөрүлүшү ыктымал. Мисалы, 2012-жылы Ала-Арча суусунда муз көтөрүлүп, ага жакын жердеги үйлөр жана Ош базарынын тегерегиндеги курулуштардын айрымдарын суу каптаган", — деди Итибаев.

Ошол себептүү ӨКМ республиканын бардык аймактарында шаар жетекчилерине жана жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарына адам курмандыктарын алдын алуу үчүн бардык иш аракеттерди көрүүнү сунуштайт. 

Ошондой эле тоолуу аймактардагы жолдордо карды атайылап түшүрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0