05:43 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ымыркай энеси менен. Архивдик сүрөт

Карын эне наристесин асырап ала турган ата-энесине акыры берди

© AFP 2019 / ORLANDO SIERRA
Коом
Кыскача шилтеме алуу
285761

Наристени жеткирип берген Жамалга атасы ыраазычылыгын билдирип, батирдин документтерин бир айдын ичинде даярдап берерин айтты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирөөлөргө төрөп берген наристени бергиси келбей жүргөн карын-эне 26-ноябрь күнү баланы ата-энесине жеткирип берип, өзү Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу карын эне болгон Жамал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

"Байтааныш адамдарга карын эне болуп, уул төрөп бергениме эки ай болгон. Бирок, ошол убакыттан бери бала менде болчу. Алар сүйүнчү катары беребиз деген батирден баш тартып, баланы бергим келбей жаткан. Акыркы күндөрү жакшылап ойлонуп көрсөм, баланы ата-энесинен, бактылуу келечегинен ажыратууга менин укугум жок экен. Кечээ эртең менен баланы жеткирип бердим. Ата-энеси эмне кыларын билбей, ары-бери калдаңдашып, ыйлап ийишти. Мен дароо үйдөн чыгып кетип калдым. 15-20 мүнөттөн кийин күйөөсү телефон чалып, ыраазычылыгын билдирип, мага берем деген батирдин документтерин бир айдын ичинде даярдап берерин айтты", — деди Жамал.

Ошондой эле өзүнүн 2-класста окуган кызын туугандарына таштап, 27-ноябрда Казакстанга кеткенин айтты.

"Мурдараак эле Алматыда иштеген курбум жумуш таап берем, кел деп жүргөн. Кызымды кайнагамдыкына таштап, ымыркайды өзүнүн ата-энесине берип, 3-4 жылга иштеп келейин деп кетип жатам", — деди ал.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Sputnik Кыргызстан агенттиги бейтааныш адамдарга жалданып төрөп берген баланы бергиси келбей жүргөн карын эне жөнүндө жазган эле. Тараптардын сүйлөшүүсү боюнча баланын ата-энеси карын энеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир алып бермек.

Тема боюнча

Ааламга ашыгып келген ымыркайлар. Ара төрөлгөн баланын жашап кетүү дарамети
Диабет менен ооруган наристенин энеси: балаңыз суусаса, доктурга көрсөтүңүз! Суранам!
Белгилер:
батир, сүйүнчү, карын эне

ЭҢ МААНИЛҮҮ