Оштон Хакасияга түз уча турган каттам ачылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар Россиянын Абакан же Кызыл аймактарына жетүү үчүн Красноярск, Новосибирск шаарларын кыдырбастан түз жете алышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош — Абакан түз аба рейси ачылып иштей баштагандыгын эл аралык "Манас" аба майданынан кабарлашты. 

Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
Каттам расмий түрдө 25-ноябрдан тарта башталды. Ал аптанын ар бир жумасында Оштон 11.20да чыгып, жергиликтүү убакыт менен Абаканга 15.00дө барып калат. Жолдун узактыгы 2 саат 40 мүнөт. 

Маалыматта, бул биринчи иретте Хакасия менен Тыва аймагында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктарга ыңгайлуулук жаратуу үчүн ачылгандыгы айтылат. 

Буга чейин эл Оштон Россиянын Абакан же Кызыл аймактарына Красноярск, Новосибирск шаарлары аркылуу барышчу. Бул жүргүнчүлөрдүн убактысына жана чөнтөгүнө бир топ эле таасирин тийгизчү деп айтылат маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0