"Ала-Арча" дарыясындагы кооптуу аймакты мэрия күнү-түнү көзөмөлгө алууда

Жазылуу
"Зеленстрой" ишканасы ӨКМдин башкармалыгы менен биргеликте дарыянын нугун тазалап жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" дарыясынын кооптуу аймактары мэрия тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынганын муниципалитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Жибек Жолу көчөсүнөн Батыш Чоң Чүй каналына чейинки кооптуу аймактарды тыкыр көзөмөлдөп жатат.

Алмамбетова ошондой эле ӨКМдин шаар боюнча башкармалыгы менен дарыянын нугун тазалоо иштери аткарылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0