Атамбаев Фидель Кастронун каза болушунан улам иниси Рауль Кастрого көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фидель Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрга белгиленди. Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро 90 жаш курагында көз жумган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Фидель Кастронун каза болушуна байланыштуу Кубанын мамлекет башчысы Рауль Кастрого көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро 26-ноябрда 90 жаш курагында каза болду

"Кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Фидель Кастро тарыхта революционер жана өзгөчө инсан катары калат. Бүткүл кубалыктарга жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө көңүл айтам", — деп жазылат маалыматта. 

Фидель Кастро — кубалык революционер, мамлекеттик жана саясий ишмер. Ал 1926-жылы туулуп, 1976-жылдан тарта 30 жыл бою Кубанын мамлекеттик жана министрлер кеңешинин төрагасы кызматын аткарган. Мындан сырткары ал өлкөнүн Коргонуу боюнча кеңеши менен Революциялык куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0