Күн сууктаса айыл чарба азыктарынын жарманкеси токтотулушу мүмкүн

© Фото / Тимур ТынчтыкбековБорбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө
Борбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарманкедеги баалар Бишкектин базарларынан арзанырак. Мисалы, бүгүнкү кой этин 230, сабиз сегиз, пияз тогуз, өзгөн күрүчү 110 сомдон сатылды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси күн дагы сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова билдирди. 

"Азыр жарманке уланууда. Мындан ары дагы дем алыш күндөрү өткөрүп, жаңы жылга бир канча күн калганда жаңы жылдык жарманкени баштайлы деген пландарыбыз бар. Бирок жакынкы күндөргө аба ырайы кескин сууктап кетсе, аны токтотуп турууга мажбур болобуз", —деди Алмамбетова. 

© Фото / Тимур ТынчтыкбековБорбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси күн дагы сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн
Борбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси күн дагы сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси күн дагы сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн
© Фото / Тимур ТынчтыкбековАзыр жарманке уланууда
Азыр жарманке уланууда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Азыр жарманке уланууда
© Фото / Тимур ТынчтыкбековБирок жакынкы күндөргө аба ырайы кескин сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн
Бирок жакынкы күндөргө аба ырайы кескин сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бирок жакынкы күндөргө аба ырайы кескин сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн
1/3
Борбор калаанын Фрунзе – Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси күн дагы сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн
2/3
Азыр жарманке уланууда
3/3
Бирок жакынкы күндөргө аба ырайы кескин сууктап кетсе токтотулушу мүмкүн

Жарманкеге Кыргызстандын ар бир регионунан дыйкандар катыша алат. Бул үчүн алар өз районунун акимчилигине кайрылып, тиешелүү тараптар сатыкка чыгарчу жер-жемиш, эт-сүттөрүнүн тазалыгы тууралуу атайын маалымдамаларды бериши керек. 

Жарманкедеги баалар Бишкектин базарларынан арзанырак. Мисалы, кой этин 230, сабизди сегиз, пиязды тогуз, өзгөн күрүчүн 110, Жалал-Абад жаңгагын 100 сомго сатып алса болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0