Мэрия: 500дөн ашуун жумушчу тротуарларды муздан тазалап жатат

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тротуарларды тазалоону улантууда
Тазалык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды тазалоону улантууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа жолдорго туз жана кум себүү үчүн кар тазалоочу 20 жана үч жүк ташуучу унаа тартылган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тротуарларды тазалоону улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа жолдорго туз, кум себүү үчүн кар тазалоочу 20 жана үч жүк ташуучу унаа тартылган. Мындан сырткары 20 кызматкер иштеп жатат. 

"Таңдан тарта жол кызматынын 30 жумушчусу жана муздан тротуарларды тазалаган 510 кызматкер иштеп жатат. Күн бою алар жарандардын чакыруусу боюнча барып, тротуарларды муздарды чагып, кардан арылтат", — деп жазылат маалыматта. 

Бишкек мэриясы жарандарга муз болгон жана тазаланбаган жолдор болсо төмөнкү WhatsApp номерлери аркылуу кулак кагыш кылууну эскертти. Ал жерде шаардагы төрт райондун тиешелүү кызматтарынын номурлары жазылган.

Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927; Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509; Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — 0558 336 640; Марат Матмусаев (Свердлов району) — 0555 447 154.

Жаңылыктар түрмөгү
0