Ош шаарындагы төрт саатка жабылган аэропорт кайра иштеп баштады

© AFP / KAZUHIRO NOGIАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми Бишкек шаарындагы аэропорт күндөгүдөй эле кызмат көрсөтүүдө.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Абы ырайына байланыштуу Ош шаарындагы бүгүн 08:00дөн 12:00гө чейин убактылуу жабылган аба майданы кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдирди.

Учуп-конуу тилкесин кардан тазалоо жүргөндүктөн каттамдар убактылуу токтотулган.

"Төрт рейс кетпей калды. Экөө Бишкекке, экөө Россияга учмак. Учуп-конуу тилкеси тазаланып, учурда иш кайра калыбына келтирилди", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Бишкек шаарындагы аба майданы күндөгүдөй эле кызмат көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0