Кара-Балталык кара тору модель бийкеч: 100 кг салмакты көтөрө алам

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык модель Ясмин Лунианга Диеудонне Али маек учурунда
Кыргызстандык модель Ясмин Лунианга Диеудонне Али маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ясмин Лунианга Диеудонне Али кыргыз менен африкалыктын канынан жаралган сулуу. Ал учурда өлкөдөгү мыкты моделдердин катарына кирет.

Кара тору модель кыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ийгиликтери жана кол менен жасап койгондой келбетке жетүү жолдору тууралуу айтып берди.

— Мен сизди былтыркы жылы фотосессиядан көргөм. Мындан сырткары Instagram баракчасына да көп билдирүүлөрдү жазып жүргөнүңүздү байкайм…
— Ооба, акыркы убакта баракчама жазылгандар көбөйдү. Менден көбүнчө машыгуу жана тамактануу боюнча сурашат. Ошондой эле менин улутума кызыккандар да көп.

© Sputnik / Табылды КадырбековЯсмин Лунианга: менин апам кыргыз, ал эми атам афро-канадалык адам. Атам энем менен дипломат, котормочу болуп иштеп жүргөндө таанышкан экен. Атам азыр Канадада, мен апам менен Бишкекте турам
Темнокожая модель из Кыргызстана Ясмин Лунианга Диеудонна-Али - Sputnik Кыргызстан
Ясмин Лунианга: менин апам кыргыз, ал эми атам афро-канадалык адам. Атам энем менен дипломат, котормочу болуп иштеп жүргөндө таанышкан экен. Атам азыр Канадада, мен апам менен Бишкекте турам

— Сиздин сырткы келбетиңиз өзгөчө болгон үчүн сурашат да, бул суроо мага деле кызык… 
— Менин апам кыргыз, ал эми атам афро-канадалык адам. Атам энем менен дипломат, котормочу болуп иштеп жүргөндө таанышкан экен. Атам азыр Канадада, мен апам менен Бишкекте турам.

Менин атымды толук укканда таң калгандар көп. Атым — Лунианга Ясмин Диаеудонна-Али. 

— Паспорт столдо атыңарды укканда кандай болду эле?
— Мен паспорт столуна үч жолу келдим (күлүп). Досторум мени жөн гана Ясмин деп коюшат.

— Сизди көбүнчө кийимдерди жарнамалоого чакырышат экен? Алгачкы фотосессияңыз качан болду эле?

Пользователь Instagram со смартфоном - Sputnik Кыргызстан
КРдеги Instagram тармагынын эң популярдуу 10 колдонуучусу
— Мен Кара-Балтада жашап жүргөндө толугураак болсом да менин сырткы келбетиме кызыгып фотосессияларга көп чакырышчу. 

Бирок бул убакытты көп талап кылат. Кыргызстанда моделдик бизнестин келечеги жок. Орточо эсеп менен миң сомдон 15 миң сомго чейин акча төлөнөт. Мунун себеби Кыргызстанда ар бир экинчи кыз модель болгусу келет, ал тургай акча төлөп болсо деле. Моделдерге коюлган талаптар анча оор болбогондуктан бул кесип жакшы өнүкпөй жатат.

— Сиз толук белеңиз?
— Мен аябай толук болчумун деп айта албайм салмагым 58 килограмм болчу. Бирок анда-санда спорт залдарга барып турчумун. Андан соң бир жигитти жактырып калып мени өзү менен кошо спорт залга барууга чакырды. Башында анда-санда барып жүрдүм бирок кийин көнүп кеттим. Учурда бир нече айдан бери машыктыруучу болуп иштеп келем.

Найдите людей, которыми можно восхищаться, и старайтесь их превзойти…

Фото опубликовано Yasmin Lunianga (@elliot_sky) Ноя 24 2016 в 9:25 PST

— Анан машыгуу жардам бердиби? 
— Жардам берди. Салмак коштум, бирок фигурам өзүнө келип калды. Машыгууга келгенде көпчүлүк кыз-келиндер салмагы жеңил болгонду каалашат. Бирок машыгууда башкысы салмак эмес, дене булчуңдарын чыңдоо. Мен семирип кетпөөгө аракет кылам негизгиси күзгүнү караганда фигурам келишимдүү болуп турушун каалайм.

— Көп машыгасызбы?
— Спорт бара-бара баңгизат сыяктуу болуп өзүнө улам-улам тартып турат экен. Мурда спорт залдарга араң барсам, азыр ишенсеңиз, майрамга жөнөгөндөй барам. Жумасына эки-үч жолу бир нече сааттан машыгып турам. Азыр оор салмак көтөрүү менен алектенип жатам. Жакында эле 100 килограммдык салмакты отуруп- туруп көтөрдүм.

— 100 килограмм салмакты кантип көтөрөсүз?!
— Өзүмө жаккан нерсеңди кандай болсо да жасайсың. Эгер менде мүмкүнчүлүк болсо, бардык жумушумду таштап машыгууга даярмын.

Я сегодня тренила в пижамке 😬😬😬

Фото опубликовано Yasmin Lunianga (@elliot_sky) Ноя 20 2016 в 6:25 PST

— Кыргызстанда бикини сынактары кеңири тарады. Аталган сынакка катышып көрүүнү ойлогон жок белеңиз?
— Мындан эки жыл мурда ушул тууралуу ойлонгом. Дене түзүлүшүмдү жакшыртып, сактап, келишимдүү кылам деген аракетимди көрсөткүм келген. Бирок жигитим макул болгон эмес. Эми азыр өзүм деле бикини менен эл алдына чыккандан уялам. Бизде бул спорттун түрүн көпчүлүгү туура эмес түшүнөт. Спортчулардын бикини менен чыкканын көргөнү барганымда көрүүчүлөр тарабынан ар түрдүү сөздөр айтылганын угуп жаман болуп, уялгам. 

— Курсагын ток болуп бирок ошол эле маалда койкойгон дене түзүлүш болуш үчүн эмне кылуу керек? 
— Келишимдүү дене түзүлүшүнө ээ болуш үчүн май тамактарды көп жебеш керек. Бирок, тооктун этин, жумуртка жесең болот. Углеводду күнүнө эки жолу эртең мененки жана түшкү тамактанууда колдоном. Эгер сиздин салмагыңыз 65 килограмм болсо, күнүнө 130 грамм белок жеп туруу жетиштүү. 

Азыр ар түрдүү диеталык таттуулар ойлоп чыгарылды. Аларды жесең толуп деле кетпейсиң, мисалы, протеиндик батончик, аминка деген таттуу суусундук бар. Гречкадан ар түрдүү тамактарды жасап жесе болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековЯсмин Лунианга: келишимдүү дене түзүлүшүнө ээ болуш үчүн май тамактарды көп жебеш керек. Бирок, тооктун этин, жумуртка жесең болот. Углеводду күнүнө эки жолу эртең мененки жана түшкү тамактанууда колдоном
Темнокожая модель из Кыргызстана Ясмин Лунианга Диеудонна-Али - Sputnik Кыргызстан
Ясмин Лунианга: келишимдүү дене түзүлүшүнө ээ болуш үчүн май тамактарды көп жебеш керек. Бирок, тооктун этин, жумуртка жесең болот. Углеводду күнүнө эки жолу эртең мененки жана түшкү тамактанууда колдоном

— Бирок көпчүлүгү булар химиялык зат болгондуктан ден-соолукка начар деп айтышат…
— Протеинди химия деп көп айтып жүрүшөт, бирок ушуну айткан киши өзү продуктунун курамында эмне бар экенин толук окуп чыгуусу керек. Эгер белок болбосо, булчуңдар өспөйт. 

— Спорт залга барып үч жумадан кийин таштап салбоого өзүңдү кантип мажбурласаң болот?

Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат
— Ал үчүн фигурасы келишкен, идеалдуу кыздардын арасына кошулуш керек. Атаандашуу менен гана кыздар кыйналса да өзүн такай машыгып турууга көндүрө алат. Көбүнчө адамдар спорт залдарга жумуштан алыстап, эс алуу, бирөө менен таанышуу максатында келишет. 

Алгач спорт залга келээрде сиз эмне үчүн ал жакка барганы жатканыңызды түшүнүшүңүз керек. Күзгүнүн алдына туруп өзүңүзгө бир карап, суроону коюп көрүңүз. Эгер баары жакшы болсо, спорт залдын эмне кереги бар? Эгерде дене боюңуз өзүңүзгө жакпай, сиз жактырган кийимдер батпай баратса, анда тер төгүп машыгууга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0