10:28 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив

Интернеттин кымбатташы боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзмөй болду

© Sputnik / Владимир Песня
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)
79 0 0

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери интернеттин кымбатташы боюнча "Кыргызтелеком" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерип чыккан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернеттин кымбатташы боюнча өкмөттүк жыйын өткөргөндүгүн өкмөттөн билдиришти.

  • Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернеттин кымбатташы боюнча өкмөттүк жыйын өткөргөндүгүн өкмөттөн билдиришти
    Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернеттин кымбатташы боюнча өкмөттүк жыйын өткөргөндүгүн өкмөттөн билдиришти
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Жыйын учурунда Жээнбеков интернеттин кымбатташы тууралуу маалымат алуу менен тиешелүү министрликтерге маселени карап чыгуу боюнча тапшырма бергендигин белгиледи.
    Жыйын учурунда Жээнбеков интернеттин кымбатташы тууралуу маалымат алуу менен тиешелүү министрликтерге маселени карап чыгуу боюнча тапшырма бергендигин белгиледи.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернеттин кымбатташы боюнча өкмөттүк жыйын өткөргөндүгүн өкмөттөн билдиришти

Жыйын учурунда Жээнбеков интернеттин кымбатташы тууралуу маалымат алуу менен тиешелүү министрликтерге маселени карап чыгуу боюнча тапшырма бергендигин белгиледи. 

"Өкмөт башчынын тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери абалды иликтеп, "Кыргызтелеком" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү менен топтолгон маалыматтарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди", — деп жазылат маалыматта. 

Сооронбай Жээнбеков эгерде "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигинин чет элдик интернет операторлор менен көмүскө сүйлөшүүгө барганы аныкталса, кылмыш жообуна тартыларын билдирди. 

Августтун башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттин 3-4 эсеге кымбаттай турганы тууралуу маалымат алышкан. Ошондон бери КР компаниялары казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Тема:
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)

Тема боюнча

Ассоциация: Казакстан Кыргызстанга интернетти мурдагы баада сатууга даяр
Жанар Акаев: казактар интернетти арзан баада алып бизге кымбат сатууда
Белгилер:
интернет, Кыргызтелеком, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ