Екатеринбургда ажатканага төрөгөн кыргыз кызы наристеси менен мекенине жөнөтүлдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консулдук эне-баланын документтерин мыйзамдаштырып, ал эми Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасы материалдык жактан жардам берген.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Екатеринбург шаарында соода борборунда төрөгөн кыргызстандык кызга мекенине жөнөтүлдү, ага РФтин Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон жок. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Октябрдын соңунда кыргызстандык кыз Екатеринбург шаарынын соода жайынын ажатканасында төрөгөн жана анын баланы унитазга агызып жиберүүгө аракет кылганы деген маалыматтар тараган. Бирок төрөтканадан андай маалыматтар такталбаганын билдиришкен

"Таганский ряд" соода борборунда төрөгөн кыргызстандык кызга Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгобой турган болду. КРдин Екатеринбургдагы консулдугу ага укуктук жаткан көмөк көрсөтүп, наристеге туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазылып берилди", — деп билдиришти ТИМден. 

Эне-баланын документтери мыйзамдаштырылган соң, Екатеринбург шаарындагы кыргыз дисапорасынын көмөгү менен Кыргызстанга жиберилген. 

Эскерте кетсек, буга чейин кыздын төрөгөн наристесинен баш тартуу туурасында ниети болгондугун, КРдин Екатеринбургдагы консулдугу барып, аны менен сүйлөшүп, эне оюнан кайткандыгы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0