ӨКМ: Ош — Бишкек унаа жолундагы каттамга кайрадан чектөө киргизилди

© Фото / Александр ФедоровБишкек - Ош унаа жолу. Архив
Бишкек - Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Ош унаа жолунда май ташуучу унаадан 10 тонна керосин төгүлүп, каттам жабылган. ӨКМ аталган унаа жолу кечинде кайра ачылгандыгын кабарлаган эле.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолуна чектөө киргизилгендигин Sputnik Кыргызстан агентигине ӨКМ билдирди. 

Унаанын терезесиндеги кардан тартылган сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү өлкөдө күн суук болот
Маалыматка ылайык, "Сосновка" өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу унаалардын жолго чыгуусуна тыюу салынды. Бул кадам аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жасалууда. 

Эске сала кетсек, кечээ күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 120-чакырымында май ташуучу унаадан 10 тонна керосин төгүлүп, каттам жабылган. ӨКМ аталган унаа жолу кечинде кайра ачылгандыгын кабарлаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0