Облус казылары бир жылдык отчетторун тапшырышты

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдар. Архив
Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имамдар мечиттердин каттоолору, аялдардын окуу борборлорунун ачылышы, битир-садаганын максаттуу жумшалышы тууралуу маалыматтар айтылды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Облус казылары бир жылдык отчетторун тапшырышып, диний кырдаал боюнча маалымат беришти. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир облус жетекчилери бир жыл алкагында аймактардагы дин кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

"Имамдар мечиттердин каттоолору, аялдардын окуу борборлорунун ачылышы, битир-садаганын максаттуу жумшалышы жана диний кырдаал боюнча маалымат беришти", — деп айтылат маалыматта. 

Отчеттук жыйынга Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, анын орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Акимжан ажы Эргешов жана КМДБнын бөлүм башчылары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0