Кыргызстандын элчиликтери референдумга даярдык көрүп жатышат

© Фото / Жылдыз ОсмоноваИзбирательный участок для голосования в посольстве Кыргызской Республики в городе Москва
Избирательный участок для голосования в посольстве Кыргызской Республики в городе Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын чет өлкөлөрүндөгү мекемелеринде шайлоочулар үчүн "Өзүңдү тизмеден текшер" деген Интернетте кошумча портал ачылды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү тышкы иштер министрлиги референдум өткөрүү боюнча Кыргызстандын чет жактагы мекемелериндеги даярдыктар тууралуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Консулдук кызмат департаменттеринде жана чет жактагы мекемелерде референдумга катышуучулардын тизмесин тактоо жана шайлоо комиссияларын түзүү боюнча маалымат угузулду.

Кыргызстандын чет өлкөлөрүндөгү мекемелеринде шайлоочулар үчүн "Өзүңдү тизмеден текшер" деген Интернетте кошумча портал ачылды.

"Бишкектин шайлоо комиссияларынан 37 өкүл 27-28-ноябрда чет жактагы мекемелерде референдумга добуш берүү иштерин сапаттуу өткөрүү боюнча үйрөтүү тренингине барышат", — деп жазылат маалыматта.

Списки избирателей на выборы в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн — референдумга катышуучулардын тизмесин тактоонун акыркы күнү
Жыйында эл аралык байкоочулардын жана чет элдик аккредитациядан өткөн журналисттердин тизмесин БШКга жөнөтүү маселеси да каралды.

11-декабрь күнү Конституцияга толуктоолорду киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоого жашы жеткен бардык өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары катыша алат. Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандар үчүн 26 чет мамлекетте 35 шайлоо участкасы ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0