Каракол зоопаркындагы жырткыч жаныбарлар ачка калуу коркунучунда турат

© Фото / Эдиль МелисбековКаракол зоопаркындагы арстан. Архив
Каракол зоопаркындагы арстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зоопарктын жетекчиси Салтанат Сейитова Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы Мамлекеттик агенттиги зоопаркты каржылабай калганын айтып, жаныбарларды тамактандыруу үчүн зоопарктын кызматкерлери бир айлык маянасын бөлгөнүн билдирди

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Каракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлар ачка болгондуктан, аткаминерлерди айлыгынөн бөлүп берүүгө чакырышууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

© Фото / Эдиль МелисбековКаракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлар ачка болгондуктан, аткаминерлерди айлыгынөн бөлүп берүүгө чакырышууда
Каракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлар ачка болгондуктан, аткаминерлерди айлыгынөн бөлүп берүүгө чакырышууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Каракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлар ачка болгондуктан, аткаминерлерди айлыгынөн бөлүп берүүгө чакырышууда
© Фото / Эдиль МелисбековКаракол шаарындагы зоопарк — 1987-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы жалгыз зоопарк болуп саналат
Каракол шаарындагы зоопарк — 1987-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы жалгыз зоопарк болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Каракол шаарындагы зоопарк — 1987-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы жалгыз зоопарк болуп саналат
© Фото / Эдиль МелисбековУчурда ал жакта 34 түрдөгү 150 өзгөчө жаныбарлар бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке киргизилген.
Учурда ал жакта 34 түрдөгү 150 өзгөчө жаныбарлар бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке киргизилген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Учурда ал жакта 34 түрдөгү 150 өзгөчө жаныбарлар бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке киргизилген.
1/3
Каракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлар ачка болгондуктан, аткаминерлерди айлыгынөн бөлүп берүүгө чакырышууда
2/3
Каракол шаарындагы зоопарк — 1987-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы жалгыз зоопарк болуп саналат
3/3
Учурда ал жакта 34 түрдөгү 150 өзгөчө жаныбарлар бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке киргизилген.

Зоопарктын жетекчиси Салтанат Сейитова Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттиги зоопаркты каржылабай калганын айтып, жаныбарларды тамактандыруу үчүн зоопарктын кызматкерлери бир айлык маянасын бөлгөнүн айтты.

Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулдун жашоочуларынын үйүнөн аюунун эти менен териси табылды
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев зоопарктын жетекчиси Салтанат Сейитова, Кыргызстандын фотожурналисттер союзунун башкы жетекчиси Владислав Ушаков жана Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Лола Кулинова, Азамат Айтбаев жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевдер менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйында Сейитова зоопарктын коллективи бул маселени өздөрү чечип жатканын, бирок аягында алдары келбей калганын айткан. Акибаев айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов менен менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн айтты.

"Кызыкдар болгон бардык тараптар бир столго отуруп маселени тезирээк чечишибиз керек. Өлкөдө жалгыз зоопарк болгондуктан баарыбыз бир пикирге келебиз деген ойдомун. Биринчи бул маселе жергиликтүү деңгээлде чечилиши шарт. Биз да көңүл кош болбошубуз керек", — деди Аскат Акибаев.

Жыйынтыгында Акибаев бир айлык маянасын зоопарктын эсебине котороорун айтты.

"Бүгүн зоопарктын кызматкерлери өз айлык маяналарын которуп жатса мен четте калбай бир айлык маянамды жаныбарлардын тамактануусуна бөлүп берем. Бул албетте бардык маселени чечбейт бирок, башка кызматтын жетекчилери да менин жолумду жолдоп бир айлык маяналарын которот деген ишеничтемин", — деди облус башчысы.

Каракол шаарындагы зоопарк — 1987-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы жалгыз зоопарк болуп саналат. Учурда ал жакта 34 түрдөгү 150 өзгөчө жаныбарлар бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0