"Ата Мекен": Текебаев суракка чакырылганын ЖМК аркылуу билди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивидик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивидик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек ШИИБи эл өкүлүнүн батирине кирген ууру боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок жабырлануучулар суракка келбей жатканын маалымдаган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи Май РИИБи тарабынан суракка чакырылганын жалпыга маалымдоо каражаттарынан уккан. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жыл жынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Импичменттин шарты жана арты: Текебаевдин демилгесинин деми канча?
Эскерте кетсек, 14-ноябрда Текебаевдин Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндөгү батирине ууру киргени тууралуу кабарланган. Маалыматты эл өкүлүнүн жубайы билдирген. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине ал үй ичинен бекитилгенинен улам ичине кире албай жатканын айткан.

Буга чейин Бишкек ШИИБ бул боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок жабырлануучулар суракка келбей жатканын маалымдаган.

Фракция катчылыгы Текебаев суракка расмий чакырылбаганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0