Кыргыз чүрөгү "Дүйнө сулуусу —2016" сынагына катышуу үчүн АКШга учуп кетти

© Фото / cinemart production"Мисс Кыргызстан — 2016" сынагын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы
Мисс Кыргызстан — 2016 сынагын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дүйнө сулуусу" 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШдагы эл аралык "Дүйнө сулуусу — 2016" сулуулар сынагына катышууга Перизат Расулбек кызы учуп кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат
Эл аралык "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинин студенти Перизат Расулбек кызы аталган сынакка "Мисс Кыргызстан — 2016" сынагын жеңген соң жолдомо алган.

Буга чейин АКШнын элчилиги виза берүүдөн баш тартып, кыргызстандык сулуу дүйнөлүк сынакка катыша албай калышы мүмкүн экендиги маалымдалган.

"Дүйнө сулуусу" 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0