Ноорузду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө 12 өлкө макул болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери маданий баалуулуктардын тизмесине токоч бышырууну дагы киргизүүнү өтүнүп жатышат. Ал эми Тажикстан тараптан "оши-палав" тамагы сунушталды.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. ЮНЕСКОнун матералдык эмес маданий баалуулуктар тизмесин Нооруз майрамы толукташы мүмкүн. Мындай маалымат БУУнун жаңылыктар борборунун сайтына жарыяланды. 

28-ноябрдан 2-декабрга чейин Эфиопиянын Аддис-Абебе шаарында Материалдык эмес маданий баалуулуктар комитетинин кезектеги жыйыны өтөт. Анын катышуучулары репрезентативдик тизмеге киргизүү үчүн 37 жаңы арызды карап чыгат. 

"Боло турган сессияда башкалар менен биргеликте Нооруз майрамын дагы маданий баалуулуктардын тизмесине киргизүү сунушу каралат", — делет маалыматта.

Азербайжан, Афганистан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандан билдирме түшкөн. Мындан тышкары, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия токоч даярдоо салтын кошууну сунуштады. Эскерте кетсек, токоч ар кайсы өлкөдө ар башкача аталат. Мисалы, лаваш, катырма, жупка, юфка. 

Тажикстан тараптан "оши-палав" тамагы сунушталса, Белорусия Будславск фестивалын, Казакстан күрөштү көрсөтүштү. 

Нооруз майрамын майрамдоо. - Sputnik Кыргызстан
Нооруз жөнүндө кызыктуу беш факты
Материалдык эмес маданий баалулуктарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитет маданий баалулуктарды коргоо Конвенциясынын алкагында түзүлдү. Ал эми Конвенцияда муундан-муунга өткөн каада-салттарды жана чыгармачылыктын формаларын камтыйт. 

Алардын арасында оозеки чыгармалар, аткаруу искусствосу, социалдык салтанаттар, майрамдык жана ритуалдык жөрөлгөлөр, аалам жана жаратылышка байланыштуу түшүнүктөр, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүктүн техникасы бар. 

Репрезентативдүү тизме маданий баалуулуктарга коомчулуктун көңүлүн бурдура турган курал. Бүгүнкү күндө тизмеде 336 элемент камтылган. 

Нооруз — күн менен түн теңелген күн. Кыргызстанда аны ар дайым 21-мартта майрамдап келет. 

ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесин Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0