05:13 22 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү

Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар

© Sputnik / Нургуль Максутова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
9490232

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабеков менен журналист Гүлдана Талантбекова сөөк-муун оорулары, бой узартуу маселеси боюнча маек курду.

Агай менен болжошкон саатта ооруканадан жолуктук. Мен барган учурда бир келиндин жамбашына операция жасоо убактысы болуп калыптыр. Ага дененин бир бөлүгүнө эле наркоз берип жасады. Келин эч нерсе болбогондой эле айрым дарыгерлер менен да сүйлөшүп коюп жатты.

— Алгач эле сөөктүү узартуу боюнча суроо бергим келип турат. Сөөктү кимдер узартышат?

— Сөөктүү узартуу — бул менин илгертеден бери келе жаткан илимий ишим. Көбүнчө буту кыска адамдар узартышат. Адамдын бир буту экинчисинен эки сантиметр кыска болсо эле аксай баштайт. Канчалык кыска болсо ошончолук катуу аксап, сыртынан караганда дагы одоно көрүнүп, баскан учурда ыңгайсыздык жаралат. Буттун кыскалыгы моралдык жактан ал адамга терс таасирин берип турат. Экинчи жагынан сөөк кыскарганда жамбаш, сан, тизе, кетмен муундарына таасирин тийгизет. Үчүнчүсү — бул омуртканын кыйшайып өсүшүнө алып келет. Сөөк бала кезден баштап канчалык кыска болсо, ошончолук өсүшүнө кедергисин тийгизет.

— Сөөк эмне эмне себептен кыска болушу мүмкүн?

— Биринчиден, бул тубаса болот. Укум-тукумунан бери келаткандыктан, бала төрөлгөндө эле чоңойгон сайын ичкерип, кыскарып өспөй калат. Бала он жетиге чыкканда ошону менен кала берет. Кээ бир адамдардын такыр эле бир сөөгү жок төрөлөт. Жакында эле үч жаштагы кыз келди. Бутунун сөөгү 24 сантиметр кыска экен. Ойлоп көрсөңүз, сан сөөгү жок. Кичинекей болгон беш сантиметрдей түбү турат. Ата-энесине "азыр кичинекей кезинен тарта узартып баштайлы, операцияны бекер эле жасап берейин, ушу баланын камкордугун өмүр бою моюнума алайынчы" дегем. Болгондо дагы кыз бала экен. Көрсөңүз ыйлайсыз. Ошондо тизеси бүгүлбөй шыйрак жилиги түз эле барып туруп жамбашка бекилмек. Жыл сайын узартып отуруп, он жетиге чыкканда эки буту тең болуп калат десем ата-энеси биринчи макул болгон. Кайра эки-үч күндөн кийин "кудай ушинтип берди, операцияга бербейбиз" деп баласын алып кетип калышты. Эми ушундайлар болот. Айла жок. Экинчиден, сөөгү жаракат алганда жулунуп кетип, кырсыкка учураганда туура эмес өсүп калат. Үчүнчүдөн, инфекциядан улам сөөк чирип калганда чекесинен кетилип отуруп кыска болуп калат. Маселен, Карлыгач аттуу казак кыздын бутун 18 сантиметр өстүрдүм. Ал кызга мага чейин сегиз жолу операция жасалыптыр. Албетте, ар бир операцияда сөөгү кыскарып отуруп он сегиз жаштагы кыздын буту он сегиз сантиметр өспөй калган. Анын себеби инфекция болуп жатат.

Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек  Джумабеков. Архивное фото
© Sputnik / Нургуль Максутова
Сабырбек Жумабеков: аксылык бир кыздын бою 138 болчу, биз аны 1,5 метр кылдык. Бой өспөй калуу — бул өзүнчө оору. Медицинада бою 1,5 метрге чейинки адамдардын кыскалыгы илдет катары эсептелет

— Бирок оорунун айынан эмес, сулуулук үчүн боюн өстүрөм дегендер дагы болсо керек?

—  Бою 88 сантиметр болгон токтогулдук кыздын боюн 12 сантиметрге өстүргөнбүз. Жашы он алтыда болчу. Өзү топтоголок, салмагы алтымыш килограмм экен. Операция учурунда бир аз оорчулуктар болду. Аксылык бир кыздын бою 138 болчу, биз аны 1,5 метр кылдык. Бой өспөй калуу — бул өзүнчө оору. Медицинада бою 1,5 метрге чейинки адамдардын кыскалыгы илдет катары эсептелет. 1,5 метрден жогору болсо норма, бирок бою кыска адам катары карайбыз. Бул адамдар моралдык жактан өздөрүн ыңгайсыз сезгени менен физикалык жактан дени сак адамдар. Албетте, айрымдар боюн узарткысы келет. Маселен мага бир кыз 1,5 метр бою менен келгенде, он сантиметрге узартып бердим. Кийин келип "мени жөн эле узарткан окшойсуз, ушунчалык кыйналдым" дегенинен "өзүң келдиң, биз косметикалык операция дегенбиз, арадан эки жыл өттү, жакшынакай эле басып жүрбөйсүңбү, максатың эмне айтчы" десек, көрсө жигити "боюңду узартсаң алам" дептир. Кыз боюн узартып, чоңоюп келгенче арадан бир жылдан ашык убакыт өтүп, жигити башка кызга үйлөнүп алыптыр, анан аргасыз күйүтүнөн келиптир да. Ушундайлар да болот. Дагы бир жолу менде Брянскиден келген врач-терапевттин бою 175 см, сүйлөшкөн кызыныкы 183 см экен. Баланын боюна беш сантиметр кошуп берсек, ал барганча сүйлөшкөн кызы турмушка чыгып кеткен.

Бойду узартуунун дүйнөдө бир гана жолу бар. Бул—операция. Албетте, бойду өстүрүүчү ар кандай гормоналдык дары-дармектер бар. Соматроптук гормондорду бала кезинде берип чоңойтууга мүмкүн. Бирок көбү генетикага байланыштуу болот. Андан ашык дагы, кем дагы бой болбойт.

— Сөөктү узартканда ичине эмнелер салынат?

— Мисалы, даракты кыйып бир бутакты алып келип кошуп туруп байлаганда өсүп жатпайбы. Ошол сыяктуу эле сөөктү биз кесип, ортосуна акырын миллиметрден бири-бирине дүүлүктүрүп отуруп пайда болгон сөөктү өстүрүп, он күндө бир сантиметр, элүү күндө беш сантиметр, токсон күндө тогуз сантиметр өстүрөбүз. Сөөк биринчи сүттөй жумшак, анан каймак, сары май, андан ары курутка окшоп катып, анан кайра кант сыяктуу болуп бекийт. Ушул деңгээлге жетиш үчүн дагы көп стадиядан өтөт. Сөөк толук калыптанышы үчүн бир жарым жылдай убакыт кетет.

— Операция канча убакыт жүргүзүлөт?

— Ашып кетсе бир саатка созулат. Ичине коюлган темир аппарат аркылуу акырын чоюп өстүрөм. Операциядан кийин балдак менен басып жүрүүгө болот.

Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Джумбаков во время операции
© Фото / Гулдана Талантбекова
Сабырбек Жумабеков операция учурунда

— Боюңду канчалык узартканың менен тукумуңда кыска бойлуулар болсо, балаң деле кыска төрөлүшү мүмкүн да?

— Ал аял-күйөөдөн жана алардын ата-энесин кошкондо төрт муундан көз каранды. Ал гана эмес ортопедиялык оорулар да тукум аркылуу өтөт.

— Сиз негизи канча сантиметрге чейин узартып жүрөсүз?

— Тарыхымда отуз сантиметр өстүргөн адамдар бар. Ал гана эмес, колду дагы он сантиметр узартканбыз.

— Кырсыктаганда же тубаса сөөк кемтиктерине операция жасаганда жаштарга караганда карыган адамдардын сөөгү кечирээк калыбына келет деп айтышат…

— Адам кырктан өткөндөн кийин органдардын функциясы төмөндөй баштайт. 40-45 жашында адам организмдин жогорку тепкичине жетет. Сөөктүн курамындагы остеобласт деген зат бул жаңы сөөктү пайда кылат, ал эми остеокласт деген ошол жаңы сөөктү жейт. Остеопороз оорусунда кальций кетип, сөөк жумшарып жатат дейбиз. Мындай оору алтымыш жаштан кийин аялдарда көбүрөөк кездешет. Себептери катары көп төрөгөндүктү, гормоналдык бузуулар, кыймылдын аздыгы болгондуктан сөөк морт болуп сына баштайт. Сынганда сан жиликтин ортосуна протез, омуртка сынса омуртка салынат. Эркектер аялдарга салыштырмалуу остеопорозго кечирээк кабылышат. Мен маселен кечээ эле 97 жашка чыккан аксакалдын кашка жилигинин башын алмаштырдым. Токсон жашында жамбашын алмаштыргандар бар. Эгерде алмаштырбасак кары адамга жаткан сайын башка оорулар да жабышып,органдары жашы иштебей төшөктөн турбай калышы мүмкүн. Ошон үчүн кары адамдарга эртерээк операция жасап, бутуна тургузганыбыз жакшы.

— Буттун дагы кандай кемчиликтери менен кайрылышат?

— Кыйшык, майтаман буттарды түздөйбүз. Тайтак буттар менен да келишет. Өткөндө бир баланы эки бутун тең бир күндө жасадым. Бутун алгач сындырып түздөп, темирин салдык. Темирин өзүбүз ойлоп таап, Түркиядан жасатканбыз. Тайтак буттар дагы адамды моралдык жактан ыңгайсыз абалга туш кылат.

— Бут тайтак болсо, денеси зыңкыйган балага үйлөнгөндө ген алмашып соо бала төрөлүшү мүмкүнбү?

— Буту түз болушу мүмкүн. Азыр ал нерсеге деле маани беришпесе керек. Турмуш кураарда байкаштырып, керек болсо тегине чейин сураштырыш керек. Кыргызда бекеринен жети ата өткөндөн кийин үйлөнүш керек деп айтылбайт. Биздикилер генетика деген нерсени илгери эле түшүнүшкөн. Өзгөчө түштүк жакта Баткенде бөлөсүнө үйлөнүп алгандар, эң башкысы ата жактан болбосо деп эне жактан баш кошо бергендер бар. Бир бүлөдө төрт инвалид бар экенин билем. Анткени ата-энелер бөлө болушат. Мындай көрүнүш балдарына да таасир этиши мүмкүн.

Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек  Джумабеков. Архивное фото
© Sputnik / Нургуль Максутова
Сабырбек Жумабеков: ден-соолукту кароодо еврейлердей болуш керек. Алар жыл сайын бир жолу медициналык кароодон өтүп турушат. Эгер сен кароодон өтпөсөң чөнтөк телефонуңа смс каттар келе берет. Дарыгерлерге гана ишениш керек

— Колу-бутум түнү менен какшап, буттарым бүгүлбөй калыптыр дегенди угуп жүрөбүз. Себеби эмне болушу мүмкүн?

— Анализ тапшырып, канын текшериш керек. Өзгөчө тизеси ооруган жаш кыздар-балдардыкы тамактын сезгенишинен болот. Тамакта стрептококк, стафилококк деген инфекциялар болот. Алар эң жакшы көргөн тизе муунунун кабыкчасына барганда сезгенип, шишитип оорута баштайт. Тамагыңан мазок тапшырып келчи десем, айрымдар таң калат. Негизи адам учурашканда өбүшпөй койгону туура. Көп адамда тамак оорусунун инфекциясы кездешет. Маселен Японияда учурашканда жөн эле жүгүнгөндөй ишарат кылып коюшат. Анткени бул инфекцияны биринчи япондук окумуштуулар тапкан. Ал жерде ным көп болуп ревматизм күчөп жүрөк оорулары көбөйүп кеткенде, себебин иликтеп отурса тамактан болуп чыккан. Азыр ал жактагылар мындай ооруларды жеңе алышты. Өбүшүп учурашмак тургай, кол дагы алышпайт. Алар жыл сайын ар бир адам тамагын текшерткенге милдеттүү жана укуктуу.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Ден-соолукту кароодо еврейлердей болуш керек. Алар жыл сайын бир жолу медициналык кароодон өтүп турушат. Эгер сен кароодон өтпөсөң чөнтөк телефонуңа смс каттар келе берет. Дарыгерлерге гана ишениш керек. Табып, бүбү-бакшы дегендерге ишенип болбойт. Дарыгер болом деген киши алты жыл, дагы эки жыл, керек болсо өмүр бою окуйт. Анан адамдын анатомиясын, физиологиясын билбегендерге кантип ишенип барабыз? Элиме айтаарым — дарыгерлерге гана баргыла. Ашыкча салмак, тамеки тартуу, ичимдик ичүү, майлуу тамак жеп, кечки ондон кийин тамактануу дагы ден соолукка өтө зыян. Адам кырктан ашкандан кийин күнүнө жок дегенде беш чакырым басып, спорт менен достошушу керек.

Тема боюнча

Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат
Дерматолог: бүбү-бакшыны бейтаптар биздин кесиптеш деп ойлошуптур
Белгилер:
доктор, ден соолук, операция, медицина, Сабырбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ