ИИМ видеодогу пара алып жаткан кызматкердин чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пара алып жаткан адам Кайгуул милициясынын кызматкери эмес, жол кайгуул кызматынын кызматкери болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. ИИМ Sputnik Кыргызстан агенттигине видеодогу пара алып жаткан адам Кайгуул милициясынын кызматкери эмес экенин маалымдады.

Мурда Facebook баракчасында милициянын формасын кийген адам акча алып жаткандыгы тууралуу видео жарыяланган. Видеону сүрөттөгөн жазууда "Кайгуул милициясы пара алып жатат" деп жазылган. https://www.facebook.com/AntikorrKG/ 

"Биринчиден, бул Кайгуул милициясынын кызматкери эмес, Жол кайгуул кызматынын кызматкери болушу мүмкүн. Экинчиден, ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы учурда пара алып жаткан кызматкердин аты-жөнүн тактоодо. Бул балким мурда тартылган видео болсо керек, анткени бул адамдын ким экенин тактай албай жатабыз", — деди маалымат кызмат.

Ушул жылдын 1-апрелинен тарта өлкөнүн шаарларындагы жана облустарындагы Жол көзөмөлдөө жана Жол кайгуул кызматтары Кайгуул кызматына айланган. Мындан улам жаңы түзүлгөн орган башка форма кийген. Аталган реформанын автору ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев болчу. Учурда Ички иштер министрлигин Улан Исраилов башкарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0