"Түндүкэлектр" Чүй облусундагы электр тармактарына көмөкчордон туташтырат

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүЭлектр подстанциясындагы жумушчу. Архив
Электр подстанциясындагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ак-Ордо конушунун тургундары өздөрүнүн каражаты менен көмөкчордондорду трансформациялана элек аймактарда орнотуп алышкан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы Чүй облусундагы электр тармактарында 22 трансформатордук көмөкчордондорду туташтырат. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Токтогул суу сактагычындагы электр станцияларды башкарган зал - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСинин ичи кандай? Сүрөттө калган ирмемдер
Ага ылайык, буга чейин Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушунун тургундары өздөрүнүн каражаты менен көмөкчордондорду трансформациялана элек аймактарда орнотуп алышкан.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан трансформация маселесин чечкенге чейин аталган көмөкчордондор жакын арада "Түндүк электр" ишканасынын электр тармактарына убактылуу туташтырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0