Караколдогу медколледждин директору эмнеге өлтүрүлгөнү аныкталды

Жазылуу
Кармалган аял бул кылмышка директорду жек көргөндүктөн барганын моюндады.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Караколдогу медициналык колледждин директору Анарбүбү Апсалиеваны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Ысык-Көл ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте адам өлтүрдү деген шек менен эки жигит кармалды
Аталган билим берүү мекемесинин директорунун өлүмү тууралуу 17-ноябрда саат 13:00дө белгилүү болгон. Маркумдун кызы энесинин сөөгүн ашканадан тапканын айткан. Криминалист-эксперттер аялдын денесине 23 жолу бычак сайылганын аныктап, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголгон.

Адам өлтүрүү фактысы катталгандан төрт күн өткөндөн кийин кылмышка маркумдун кесиптеши шектелип кармалган.

"Алдын ала сурак учурунда кармалган аял жасагандарын моюнга алды. Мындай кылмышка баруусуна жетекчисине болгон жек көрүүсү себеп болгонун айтты", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0