Кыргызстандык эки айым "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" тизмесине илинди

© Sputnik / Табылды Кадырбековwww.bbc.com сайтынан алынган кадр. Кыргызстандык жаачы Асель Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова Британиянын ВВС агенттиги уюштурган "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине илиништи
www.bbc.com сайтынан алынган кадр. Кыргызстандык жаачы Асель Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова Британиянын ВВС агенттиги уюштурган Дүйнөнүн 100 аялы-2016 долбоорунун тизмесине илиништи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык 41 жаштагы жаачы Асель Садырованын сүрөтү тизмеде Американын белгилүү ырчысы жана актрисасы Алиша Киздин сүрөтүнүн жанында алдыңкы катарда илинип турат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жаачы Асель Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова Британиянын ВВС агенттиги уюштурган "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине илиништи.

Долбоорго жалпысынан 100 аял кирген, анын ичинен төртөө Борбордук Азиядан.

Кыргызстандык 41 жаштагы жаачы Асель Садырованын сүрөтү тизмеде Американын белгилүү ырчысы жана актрисасы Алиша Киздин жанында алдыңкы катарда илинип турат.

"Жолдошу өтүп кеткенден кийин төрт жылдан соң Садырова салттык жаа атууда өз күчүн сынап көргөн. Жыйынтыгында профессионалдык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтөөрүн байкаган", — деп жазылат анын сүрөтүнө берилген мүнөздөмөдө.

24 жаштагы тай боксчу Шахриза Халилова - Sputnik Кыргызстан
Тай боксчу Шахриза: мурдумду далай сындырышты, мен да эч кимди аяган жокмун
Садырова Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча мелдеште коло медалдын ээси болгон.

Ал эми 26 жаштагы Нагира Сарбашова дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону жана кур күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону болуп саналат.

Айымдарга арналган бул долбоор 21-кылымдагы ар кыл өлкөнүн айымдарынын жашоосун, ар күнү катталчу жашоосундагы маселелерин жана ошону менен катар эле алардын алдында ачылган мүмкүнчүлүктөрүн баяндап берет.

Аталган долбоор Би-Би-Си кызматы тарабынан 2013-жылы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0