ЖМК: 9,5 млн. доллар менен кармалган жарандардын Гүлен менен байланышы бар

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын полиция кызматкерлери. Архив
Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын бири кыргыз жараны экендигин тастыктаган. Учурда аталган сумманы алып чыгуунун себептери жана кармалгандардын ким экени такталууда.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Стамбулда 9,5 миллион доллар менен кармалган жети адам Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп күнөөлөнүп жаткан Фетхуллах Гүлендин уюму менен байланышы бар экени такталды. Бул тууралуу түрк басылмасы Haberler билдирген.

Түркияда оппозициячыл диний аалым Фетхуллах Гүлендин асылган кукласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда "гүленчи" делген дагы 10 миң кызматкер жумуштан айдалды
Буга чейин, 18-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда жети киши (А.У., Х.Ө., Х.А., З.К., Б.С., Д.Т. жана Т.К. аттуу жарандар) декларацияланбаган 9,5 миллион доллар менен кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын бири кыргыз жараны экенин тастыктады. Учурда аталган сумманы алып чыгуунун себептери жана кармалгандардын ким экени такталууда.

Тергөө иштери учурунда кармалган чет өлкөлүктөрдүн экөө акча алып өтүү иштери менен алектенери маалым болгон. Мындан сырткары, сурак берип жаткандардын Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет жасаган Фетхуллах Гүлендин уюмуна тиешеси бар экендиги белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0