17:38 17 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6312
  • EUR78.0775
  • RUB1.1062
Жолдо бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Эми аялдамада тоңуп турбайсыз: бишкектиктер үйүнө бекер жете алышат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3805120

WhatsApp мессенжеринде жол тоскон бишкектиктерди жеткирип коюуну каалаган айдоочулардын тобу түзүлдү.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Азалия Азатова аттуу студент жол тоскон адамдарды бекер жеткирип коюуну каалаган айдоочулардын башын бириктирүү үчүн WhatsApp каналында атайын топ түздү. Бул кызматты колдонуу үчүн каалоочулар "Попутка КГ" тобунун мүчөсү болуп катталышы керек. 

Студенттин айтымында аталган топтун колдонуучуларынын саны күн санап өсүп барат.

"Бир жолу Кеминден Бишкекке жолго чыгып, транспорттун жоктугунан жолдо кала жаздагам. Ошондо мага бул идея келген. Бирок мен бул кызматтын артыкчылык жана кемчиликтери тууралуу көпкө ойлондум. Актуалдуубу, коомдо ак көңүл адамдар барбы, бейтааныш кишиге ишене алышабы деп. Бир нече убакыт бою топко кошулууга эч кимдин каалоосу болбогону менен акыркы жумада жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүүнү каалаган айдоочулар көбөйүп, топ кадимкидей жандана түштү", — дейт Азалия. 

Бишкек тургуну Бекмамат Таалайбек уулу бул идея чындап эле ийгиликтүү иштей баштаганын айтып, жакында эле аны топтогу бир айдоочу үйүнө бекер жеткирип койгонун кошумчалады. 

WhatsApp — бул үн билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү бар акысыз кроссплатформалык мессенжер. Интернет аркылуу тексттик билдирүү, сүрөт, видео жана аудио жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Кардар Android, iOS (iPhone), Windows Phone, BlackBerry, Nokia Symbian, Nokia S40 жана ОС Windows платформаларында иштей алат.

Тема боюнча

Таксист кардары унутуп кеткен 500 миң доллары бар портфелди кайтарып берди
Белгилер:
бекер, WhatsApp, такси

ЭҢ МААНИЛҮҮ