Кара-Кулжада 800 кою менен жоголуп кеткен чабандар табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКой кайтарып жүргөн чабан. Архив
Кой кайтарып жүргөн чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чабандар менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кара-Кулжа районундагы "Казык" жайлоосунда жоголуп кеткен үч чабан табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Эске салсак, 20-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар жана Терек айылынын тургундары үч чабан 800 кою менен жайлоодо калып кеткенин кабарлашкан.

"Үч чабан табылды. Алардын абалы жакшы. Эки чабандын малынын тоюту жетиштүү болсо, үчүнчүсүнүкү түгөнүп калган", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, чабандар менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу издөө иштери куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0