Алмазбек Атамбаев Индиядагы кырсыктаган поездден улам өлкө башчысына көңүл айтты

© REUTERS / Jitendra PrakashСход с рельсов 14 вагонов пассажирского поезда на севере Индии
Сход с рельсов 14 вагонов пассажирского поезда на севере Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индияда жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин 14 вагону рельстен чыгып кетип, акыркы маалыматтарда өлгөндөрдүн саны 100 кишиге жеткен.

БИШКЕК, 20-ноя. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Индиядагы кырсыктаган поездден улам өлкөнүн башчысы Пранаб Мукерджи жана премьер-министр Нарендра Модиге көңүл айтты.

Эске сала кетсек, Индияда жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин 14 вагону рельстен чыгып кетип, өлгөндөрдүн саны акыркы маалыматтарда 100 кишиге жеткен.

"Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин жана өзүнүн атынан индиялыктарга көңүл айтып, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалды", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кырсык Индиядагы Пукраян шаарынан алыс эмес аймакта болгон. Адам өмүрүн алган окуянын себептерин азырынча так айтыша элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0