Кыргызстан тууралуу сайт кайра редакцияланмай болду

© SputnikКыргызстан тууралуу маалыматтык-туристтик сайт
Кыргызстан тууралуу маалыматтык-туристтик сайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайттагы кемчиликтер тууралуу айтылгандан кийин кайрадан редакциялоо демилгеси көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстан тууралуу маалыматтык-туристтик сайт бир катар сын пикирден кийин өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Шаршемби күнү, 16-ноябрда Кыргызстандын эс алуучу жайлары, каада-салты, туристтик маршруттары тууралуу маалымат камтылган интернет-портал ишке киргизилген.

Жаманкуловдун айтымында, сын пикир дизайн жагына көп айтылган. Мында Кыргызстанга барчу авикаттамдарды табуу ыңгайсыздык жаратып, виза алуу боюнча маалымат жокко эсе экени белгиленген. Андан сырткары, Кыргызстандан башка мамлекетте тартылган сүрөттөр пайдаланылганына нааразычылыктар айтылган.

"Бул алгачкы долбоор. Кемчиликтер бар, аларды оңдоого аракет кылабыз. Өтө олуттуу ката жок. Сайтты улам толуктап турабыз. Мисалы, азыр колдо бар маалыматты гана киргизип, туризмдин негизги багыттарын гана сунуштадык. Бирок сайт кескин өзгөрөт дегенден алыспыз", — деди ал.

Жаманкулов сайтты иштеп чыгууда 1,5 миңдей сүрөт колдонулганын белгиледи. Анын айтымында, автордук укук боюнча эч кандай көйгөй жок.

Порталды иштетүүнүн негизги максаты — өкмөт тарабынан апрель айында бекитилген программа боюнча Кыргызстандагы туризмди 2020-жылга чейин өнүктүрүү.

Кыргызстанга жасалуучу саякат канча турарын жана өлкөнүн кайсы жерлерин кыдыруу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0