Ат-Башы: Аксайдан Баш-Кайыңды айылына чыгып жоголуп кеткен кишилер табылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖолдун четиндеги автоунаа. Архив
Жолдун четиндеги автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башынын Аксай аймагынан машина менен Баш-Кайыңды айылына чыккан алты киши дайынсыз жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Аксай аймагынан машина менен Баш-Кайыңды айылына чыккан алты киши табылганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин 17-ноябрда кечке маал Nissan үлгүсүндөгү автоунаа менен алты киши Аксай өрөөнүнөн Баш-Кайыңды айылына жолго чыгып, дайынсыз кеткени айтылган. Эртеси, 18-ноябрда саат 18:32ден тарта издөө иштери башталган.

"Бүгүн, 19-ноябрда саат 04:37де райондук №45 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмдүн куткаруучулары тарабынан дайынсыз болгондор Аксай өрөөнүндөгү Кында ашуусунан табылган. Унаа жолго тыгылып калганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар машинаны чыгарып беришкен. Адамдардын абалы жакшы. ӨКМ кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0