Атамбаевдин атынан Порошенко менен сүйлөшкөн пранкер Лексус: буга КРдин тиешеси жок

© Фото / предоставлено Алексеем СтоляровымЛексус деген каймана ат менен белгилүү пранкер Алексей Столяров
Лексус деген каймана ат менен белгилүү пранкер Алексей Столяров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмне себептен Украина президентине Атамбаевдин атын жамынып чалышкан? Тамаша кандайча уюштурулду? Атка минерлер менен атактууларды тамашага салуу канчалык оор? Бул суроолордун баарына эки президентти "сүйлөштүргөн" Лексус деген каймана ат менен белгилүү пранкер Алексей Столяров Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жооп берди.

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Украина президентинин расмий сайтында Порошенко менен Атамбаевдин телефондон сүйлөшкөнү тууралуу маалымат жарыяланган. КР президентинин аппараты мындай сүйлөшүү болбогонун айтып, бул тамаша болушу мүмкүн экенин божомолдогон. Эртеси маалымат сайттан алынган

Жарым айдан соң Вован деген ат менен белгилүү пранкер Владимир Кузнецов Петр Порошенко менен Алмазбек Атамбаевдин "сүйлөшүүсүн" Интернетке жарыялаган.  Украина президентинин маалымат катчысы Святослав Цеголко тамашаны уюштурууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн экенин жазып чыкты. Ал эми ТИМ укук коргоо органдарына таянуу менен пранкерлер менен байланышы бар делип Кыргызстандын жараны кармалганын жар салды. 

Эми Петр Порошенко менен Алмазбек Атамбаевдин атынан Лексус сүйлөшкөнү маалым болду. Президентке Вован экөө телефон чалган. "Сүйлөшүү" кантип уюштурулганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Максат Элебесов билип көрдү.

— Эмне себептен тамаша үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы пайдаланылды?

Заседание Совета министров иностранных дел СНГ в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Абдылдаев: Порошенкого Кыргызстандын номеринен телефон чалынган
— Кыргызстандын өлкө башчысына карата эч кандай жаман ой жок. Максатыбыз Украинанын президенти болчу, анткени ага КМШга мүчөлүк, фабрика, Донбасс, Крым боюнча бир топ суроо-дооматтарыбыз бар эле. Орус тилдүү мамлекеттин атынан чалуу керек болду. Россиядан тышкары орус тилинде Казакстан менен Кыргызстандын эли эркин сүйлөйт. Казакстан менен байма бай сүйлөшүп турат, демек Порошенко Назарбаевдин үнүн дароо таанымак. Ал эми Кыргызстан менен байланышы азыраак экен. Сиздердин өлкөгө, президентиңерге карата эч кандай терс оюбуз жок болчу.

— "Сүйлөшүүнү" уюштуруу канчалык оор болду?

— Порошенконун атынан Эрдоган менен "сүйлөшкөндөй" эле кеп. Болгону Порошенконун администрациясында деңгээли төмөн адамдар иштейт. Буга чейин биз ага атайын байланыш аркылуу чыкканда деле эч кандай кыйынчылык жаралган эмес. Бул жерде да тоскоолдук болгон жок.

— Сиздин үнүңүз Атамбаевдикине окшош эмес экен. Порошенко билип калат деп кооптонгон жоксузбу?

— Алгач чочуладык. Ар кандай болуп кетиши ыктымал эле. Бирок ал башынан баштап аягына чейин мага ишенди. Мага ал бул сүйлөшүүгө чейин бир аз ичип, кызымталдай сезилди.

— Эмне үчүн "сүйлөшүүнү" дароо Интернетке жарыялаган жоксуздар?

— Ызы-чуу чыгып кетти. Аны ЖМКлар чыгарды. Интернетке бул актуалдуу болуп жатканда чыгардык. Мындан тышкары, Порошенконун Дональд Трамп менен сүйлөшкөнү да бир топ бүйүр кызытты. Ага биз ишенген жокпуз. Мурдагүнү чоң ажиотаж жаралгандыктан гана Интернетке чыгардык.

— Порошенконун маалымат катчысы бул сүйлөшүүнү силер монтаждап, Россия бийлигине терс таасир тийгизе турган жерлерин кесип салгансыңар деди. Буга эмне деп жооп бересиз?

— Менимче, Украина президенти Россия бийлигине терс таасир тийгизе тургудай сөз сүйлөгөн жок. Тескерисинче, мунун баарынын кесепети Украина бийлигине тийиши мүмкүн. Маалымат катчы абалды жумшартып, жөнгө салууга же Порошенконун тамашакөй экенин көрсөтүүгө милдеттүү болчу, бирок ал баарын агрессияга оодарып салды.

— Ал буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери да катышкан деген маанайда билдирүү жасады…

— Болбогон сөз. Кыргызстандын ТИМинин буга эч кандай тиешеси жок. Биз ага чейин эле башка мамлекеттердин лидерлерине, саясатчыларга чалып жүргөндөй эле көрүнүш.

— Бул сүйлөшүүдө сизди эмне таң калтырды?

— Порошенко кырдаалдан таптакыр кабардар эмес экен. Андан да кыргыз президенти менен жакшы тааныш эмес болуп туруп, аны менен сүйлөшкөн тону жаккан жок.

— Атка минерлер менен атактууларды тамашага салуу оорбу?

— Даражасы канчалык жогору болсо, аны ошончолук тамашалоо оңой. Анткени ал мындай болуп кетет деп ойлобойт. Карапайым адамдар этият болушат. 

— Пранктарга кантип даярданасыңар?

Украина президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Порошенко менен Атамбаевдин атынан деги ким сүйлөштү?
— Тамашага сала турган адам тууралуу маалымат топтоо керек, анан албетте, кимдин атынан чалып жатсаң, ал жөнүндө да көп нерсе билүү зарыл. Телефон номерлерди билүү керек, алгач сүйлөшүүнүн нугун аныктап алабыз. Сөздүн маанилүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды. Ошол эле күнү чалып калышың мүмкүн, кээде анык бир күндү белгилеп алабыз.

— Ар кимдин атынан аябай көп сүйлөшөсүз, үн туурай аласызбы?

— Тилекке каршы, жок. Болгону чыгыш элдеринин акцентин туурай алам.

— Эми бизди дагы кандай тамашалар күтүп турат?

— Сырыбызды ача бербейбиз. Баары дүйнөдөгү абалга байланыштуу болот. Элге эмне кызык болсо, ошол нерсе пайда боло берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0