Ааламга ашыгып келген ымыркайлар. Ара төрөлгөн баланын жашап кетүү дарамети

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын сегиз миң перзент ара төрөлөт. Бул көрсөткүч жылдан жылга жогорулап барат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кечээ, 17-ноябрда ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү белгиленди. Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнөдө жарыкка маалынан эрте келген ымыркайлардын саны 6-8 пайызды, ал эми Кыргызстанда 4,8 пайызды түзөт. Кош бойлуулуктун 22-аптасында төрөлгөн балдардын салмагы 500дөн 1500 граммга чейин болуп, 49,2 пайызы гана жашап кетет.

Мындай көрүнүшкө аялдардын ден соолугунун начарлашы, экологиянын кирдеши, тамеки чегүү менен ичимдик ичүү себеп болуп келет. 

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте төрөт үйлөрүн заманбап жабдыктар менен камсыздоо аракетин көрүү менен алек. Себеби атайын аппараттар ара төрөлгөн балдардын жашап кетишин шарттай алат. 

Маалынан эрте көз жаруунун себептери

Кээде ара төрөттүн так себебин аныктоо мүмкүн эмес. Дарыгерлер бир нече себебин келтиришет.

Приемная в ошском городском родильном отделении - Sputnik Кыргызстан
Оштогу төрөт үйүнүн үч дарыгери эне өлүмүнөн соң 4 жылга кесилишти
Эненин саламаттыгы: жыныстык инфантилизм, жатындын өрчүү кемтиги, бойдон улам алдыруу, бойдон түшүү, жыныстык инфекциялар. Эненин ички органдарынын кеселдери да түйүлдүктүн өрчүшүнө таасир этет. Ошондой эле кош бойлуу кезинде аял чыр-чатак, капаланып-туталануудан алыс болуп, жай турмуш кечиргени оң.

Түйүлдүктүн саламаттыгы: бул генетикалык же өрчүү кемтигинен улам болушу мүмкүн. Кээде аялдын организми муну сезип, табигый түрдө мындай жагдай жаратышы да ыктымал. Кош бойлуулуктун өзгөчөлүктөрү, татаалдыгы да ара төрөткө себеп болот, маселен, эненин кан тамырларынын бузулушу. Мындай көрүнүш энени оор акыбалга салат. Көп түйүлдүүлүк, анын туура эмес жайгашышы, жатын суусунун көптүгү же тескерисинче, аздыгы, атургай, айрым учурда резус-конфликт да ара төрөткө алып келет.

"Дем алып жатабы деп тыңшачумун"

ЮНИСЕФтин саламаттык сактоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери Рима Имарова да мөөнөтүнөн эрте көз жарган.

Төрөт үйү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда 4 жылдан бери эне өлүмү эки эсе азайды
"Бир жагынан сүйүнүп, бир жагынан чочулап турдук. Кызым экөөбүздү интенсивдик терапия палатасынан жалпы бөлүмгө которушканча ырым кылып, эч кимге сүйүнчүлөбөдүк. Ара төрөлгөн чүрпөм өтө эле назик жана аянычтуу көрүнгөн. Уктап жатканында дем алганын тыңшап, улам эле текшере берчүмүн. Ошондо гана ара төрөлгөн балдарды асырай турган неонатолог деген доктур болорун билдим. Андай балдардын бат торолуп кетишине жөн гана жылуулуктун жана эмчек эмизүүнүн мааниси жогору экенин түшүндүм. Күн санап, дагы бир күнгө чоңойдук деп сүйүнөр элек. Жеке байкоомдо айрым ара төрөлгөн наристелердин жетилүүсү курбалдаштарына караганда жай болот экен. Кызыбыз артта калбасын деп жалпылап болгон күчүбүздү жумшадык. Наристебиз он жашка чыкты. Келечекте балдар тиш доктуру болууну кыялданат" – деди кызынын кыялдарынын ишке ашышын тилеген Рима айым.

Эл арасында

Ара төрөт илгери согончогу канабастык менен тең көрүнүш болгон. Эгер бул өнөкөткө айланып баратса, улуулар болочок энеге айрым ырым-жырымдарды жасаган. Маселен, көп тууган канчыктын үстүнөн секиртишкен. Үй жаныбарлары арасынан жалгыз ит гана бала салбайт деп эл бул өнөкөт аталган жандыкка өтүп кетерине ишенген.

Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диабет менен ооруган наристенин энеси: балаңыз суусаса, доктурга көрсөтүңүз! Суранам!
Андан сырткары, ара туулган козунун этин, ошондой эле бир жылда экинчи ирет мөмөлөгөн алмадан (муну кенже алма деп коюшат) жедиришкен. Кыргыздар ара төрөлсө да, так айда туулган балдар жашап кете аларына ишенишкен. Маалынан эрте төрөлгөн ымыркайды биздин эл тебетейге салып баккан. Жети айлык болуп төрөлгөн балдар чыйрак, тирикарак, тың, кээде алардан чечен, уста, кыйындар да чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0