Бак кулаган жолду айдоочулар "Зеленстройду" күтпөстөн өздөрү тазалашты

© Sputnik / Табылды КадырбековУпавшее дерево на проезжую часть проспекта Эркиндик
Упавшее дерево на проезжую часть проспекта Эркиндик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү, 17-ноябрда жааган кардан улам 99 бак кулаган. Бактыга жараша олуттуу жаракат алгандар болгон жок.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Эркиндик проспектисинде бак кулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

"Айдоочулар менен жарандар "Зелентрой" менен "Тазалык" муниципалдык кызматын күтпөстөн жолго кулаган бакты машинасы менен сүйрөтүп жээкке чыгарышты", — деди кабарчы.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды автоунааларды кооптуулук жараткан бактардын алдына токтотпоого чакырат.

17-ноябрда жааган кардан улам 99 бак кулаган. Бактыга жараша, олуттуу жаракат алгандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0