Оштун Мырзаке — Алайкуу унаа жолу кар күрткүдөн улам жабылды

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүБороон. Архив
Бороон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазалоо иштерине бир бульдозер, бир жүктөгүч тартылды.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Мырзаке — Алайкуу унаа жолунун үч жеринде кар күрткү пайда болуп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда болгон.

"Күрткү Мырзаке — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында пайда болуп, анын көлөмү 360 метр куб, 85-чакырымындагы кар күрткүнүн көлөмү 400 метр куб, 98-чакырымында 600 метр куб күрткү жаралып, жол жабылды", — деп айтылат маалыматта.

Тазалоо иштерине ошол эле күнү саат 08:00дө №26 жол тейлөө ишканасынан бир бульдозер, бир жүктөгүч тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0