Милиция кызматкерлеринин арасында зомбулукка каршы сынак жарыяланды

Жазылуу
Аталган сынакка күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлер катышып, эрте никеге туруу, кыз ала качуу, үй-бүлөдөгү зомбулук жаатындагы көйгөйлөрдү козгоп, чечүү жолдорун чагылдыруусу керек.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынан билдирди.

Рейд: милиция маршруттук таксилерди аңдыды - Sputnik Кыргызстан
Рейд: милиция маршруттук таксилерди аңдыды
Маалыматка ылайык, укук коргоочулар "Гендердик зомбулукту жоюудагы милициянын орду" темасында үч барактан ашпаган эмгек жазуусу зарыл.

Катышуучулар эрте никеге туруу, кыз ала качуу, үй-бүлөдөгү зомбулук жаатындагы көйгөйлөрдү козгоп, чечүү жолдорун чагылдырган эмгектерин 25-декабрга чейин жөнөтүүсү керек.

Жеңүүчүлөр ноутбук, планшет жана баалуу телефондор менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0