Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат

© SputnikИндияда өткөн "Missis Top of the World – 2016" сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова
Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Наргиза Осмонова келиндер арасында өткөрүлүп келе жаткан эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү. Ал мындан эки жыл мурун Америкадагы "Дүйнө ханышасы" сынагына катышып, биринчи орунду ээлесе, Кытайдагы "Аалам айымы — 2016" сынагынан "Ишкер айым" номинациясына татыган.

Жакында эле Индияда өткөн "Missis Top of the World – 2016" сынагынан бешинчи орунду багындырды. Кыргыздын ажары, 41 жаштагы Наргиза айым журналист Гүлдана Талантбековага ийгилигинин аркасындагы чоң демөөрчүсү, колдоочусу, түркүгү ким экендигин айтып берди.

— Наргиза айым, сизди үй-бүлөлүүлөр арасында өткөрүлүп келе жаткан сулуулар сынагынан улам таанып баштадык. Негизи эле жаш кезиңизде конкурстарга катышчу белеңиз?

— Сулуулар конкурсуна катышам деген ой үч уктасам да түшүмө кирчү эмес. Бала кезимен тарта ырдаганды жакшы көргөндүктөн сахнага чыгып өнөр адамы болом деген тилегим бар болчу. Бирок убагында ата-энем каршы болуп койду. Анан "силердиби карап тургула, күйөөгө тийгенде ырдап кетпесем" деп ойлоп жатсам, турмушка чыккандан кийин жолдошум андан бешпетер каршы чыкса болобу (күлүп). Турмуш деген ушул экен, баары сен ойлогондой боло бербейт турбайбы деп тагдырга баш ийип калгам. Арадан 20 жыл өттү. Баары бир адамдын жүрөгүндө орундала элек тилеги бар болсо жай албайт экен. Чынын айтканда, сулуулар конкурсунда сулуулугумду даңазалабай эле сахнага чыккым келген. Анан сынактардан кийин тилегим ашыгы менен орундалды. Кыргызстандан гана эмес дүйнөлүк сахналарда өнөрүмдү тартуулап жүргөнүм мен үчүн чоң сыймык. 

© Фото / Рыскуль НамазбековаНаргиза Осмонова: сулуулар конкурсуна катышам деген ой үч уктасам да түшүмө кирчү эмес. Бала кезимен тарта ырдаганды жакшы көргөндүктөн сахнага чыгып өнөр адамы болом деген тилегим бар болчу
Вице-миссис международного конкурса Mrs. Top Of The World в Нью-Дели Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Осмонова: сулуулар конкурсуна катышам деген ой үч уктасам да түшүмө кирчү эмес. Бала кезимен тарта ырдаганды жакшы көргөндүктөн сахнага чыгып өнөр адамы болом деген тилегим бар болчу

— Алгач жолдошуңуз менен кыздарыңыз сынакка катышам десеңиз кандай кабыл алды?

— Жолдошум ошол кезде чет мамлекетте болчу. Менин деле ал учурда жумуштарым азайып, үйдө бош отургам. Анан телеканалдардын биринен кечке эле сулуулар сынагынын жарнамасын бере берди. Элүү жашка чейин, балалуу, үй-бүлөлүү айымдар дегени үчүн да кызыктым. Эмнегедир ушул жарнама жеке мага эле берилип жаткандай сезилди. Сахнага чыгат экенбиз деген кыялдануу менен чалып көрдүк. Жолдошума алгач кантип айтам деп тынчсызданып эки жагынан чыгып сөздүн төркүнүн алыстатып отуруп, сынактын шартын түшүндүрүп "Бакыт, мен катышып жатам" дедим. Жолдошум туура кабыл алды, кыздарым да "апа, катышыңыз" деп кийимдеримен бери кошо даярдашып колдоп беришти. "Кыргызстан айымы" сынагынан кийин Америкага жолдомо алып 21 саат учакта учаарымды билип алып алыска чыгып көрбөгөн жаным "жердин түбү экен, барбайм" десем, жолдошум тескерисинче "ой бара бер, карышкыр жеп кетмек беле" деп тамашалап жөнөткөн. 

— Сиз үчүн сынактын жүрүшү кыйынчылык жараткан жокпу? Атаандашуу чоң жерде кантип туруштук берип жаттыңыз? 

— Жаш кыздардын ортосунда атаандашуу болушу мүмкүн деп ойлойм. Биздей балалуу, үй-бүлөлүүлөр үчүн эң башкысы — жеңиш эмес, сынактын жүрүшүнөн ырахат алуу маанилүү болуп жатты деп айта алам. Тилибизди түшүнбөсөк дагы жест-мимика менен сүйлөшүп, анан акцент менен сүйлөсөк каткырышып, айтор көп кызыктар болуп жатты. Сынактарга жөнөп жатканда бир четинен эс алып жер көргөнү бараткандай сезилет. Албетте, сахнадагы толкундануу деле бир топ жоопкерчилик. Бул жактан сахна маданияты боюнча Турусбек Жумалиевден алган сабактын пайдасы тийди. 

© SputnikНаргиза Осмонова: биздей балалуу, үй-бүлөлүүлөр үчүн эң башкысы — жеңиш эмес, сынактын жүрүшүнөн ырахат алуу маанилүү болуп жатты деп айта алам
Участница из Кыргызтана на конкурсе красоты Missis Top of the World – 2016 Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Осмонова: биздей балалуу, үй-бүлөлүүлөр үчүн эң башкысы — жеңиш эмес, сынактын жүрүшүнөн ырахат алуу маанилүү болуп жатты деп айта алам

— Каражат жагынан жолдошуңуз жардам береби?
— Өзүмдүн чакан ишим бар. Он жети жылдан бери жеңил өнөр жай тармагында тигүү цехтерин иштетип эмгектенип келем. Албетте, жолдошум менин эң биринчи күйөрманым, чоң демөөрчүм, колдоочум, тирегим — бардыгы ошол киши. 

— Негизи кайсы кесиптин ээси болосуз?
— Кесибим боюнча бухгалтермин. Убагында жолдошум "иштебей эле койчу, ал жактан сени менден башка киши башкарышын каалабайм" деп иштетпей койгон. 

— Анда жолдошуңуз кызганчаак болсо керек?
— Жаш кезимде аябай эле кызганчу окшойт. Азыр эми бири-бирибизге болгон ишеним ашып-ташкан убак. 

— Сынактарга катышканга чейин эле чачтарыңыз түстүү беле?
— Жолдошум мындай түстөгү чачтарды жактырчу эмес. Он жыл мурун ачык түскө боёп алсам "сага ушундай сонун жарашат экен" деди. Анан карасам өзүмө деле жакты.

— Келбетиңизге кантип кам көрөсүз? Арыкчырай экенсиз, диета кармайсызбы?
— Мындан беш-алты жыл мурун кашымды татуаж кылдыргам. Сынактарда кирпигимди чаптаттырып жүрөм. Диета деле кармабайм. Майлуу тамактарга табитим көп тартпайт. Көп кыймылдагандын таасири болсо керек. Ырдаган адам дагы көпкө чейин карыбайт деп уктум эле. Таене болсом дагы бала кыял, шайыр мүнөз адаммын. Дайыма жылмайып позитивдүү маанайда жүргөндүн да пайдасы бар деп ойлойм.

© Фото / Рыскуль НамазбековаНаргиза Осмонова: таене болсом дагы бала кыял, шайыр мүнөз адаммын. Дайыма жылмайып позитивдүү маанайда жүргөндүн да пайдасы бар деп ойлойм
Участница из Кыргызтана на конкурсе красоты Missis Top of the World – 2016 Наргиза Осмонова  - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Осмонова: таене болсом дагы бала кыял, шайыр мүнөз адаммын. Дайыма жылмайып позитивдүү маанайда жүргөндүн да пайдасы бар деп ойлойм

— Баса, кайсыл жердин кызы болосуз?

— Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулуп-өскөм. Атам автобазада автобус айдаган, тилекке каршы, менин жакшылыктарымды көрбөй кетти. Апам мектепте китепканада иштейт. Жолдошум жеке ишкер. Ал дагы Кочкордон болот. Эки кызыбыз бар. Улуусу Кытайда, кичүүсү түрк лицейинде окуйт. Бир неберебиз бар. 

— Таене болгонуңузга карабай жаш көрүнөсүң деп көп айтышса керек?

— Жаш көрүнөсүң дегени менен менден да жаш көрүнгөндөр бар экен. Сынакка келген кытай, япон айымдар абдан жаш көрүнөт. Филиппиндеги 51 жаштагы айымды көрүп алып ээсим ооп калды. Бетинде бир бырышы жок. Биздин айымдардын жаш көрүнгөнүнүн да себеби бардыр. Эң жакшы көргөн багбандын короосунда татынакай гүлдөр өсөт деп айтылат. Бизди күйөөлөрүбүз ыйлатпай, маанайыбызды чөктүрбөй, урматтап-сыйлаган сайын биз ошончолук тунук болуп сакталып турсак керек. 

— Мындан кийин дагы сулуулар сынагына катышайын деген ойлоруңуз барбы?

— Сынактардын баарына эле бара берем деп айта албайм. Бийик така менен төрт-беш саат жүрүп чарчаганда "алда кудай ай, ушунун мага эмне кереги бар эле" дейсиң. Сынактын ырахатынан мурун түйшүгү болот. Мен алгач сынак өтө турчу өлкөнүн өзүнө кызыгам. Эгерде мени ошол мамлекет кызыктырып, шартым болуп калса барганга аракеттенем.

— Билишимче ыр жаздырып, клип тарттырып да жүрөсүз?

— Адам болгондон кийин жакшы ойлордун үстүндө жүрөт экенбиз. Жакшы ырлардын текстин таап алсам биринчи жолдошума көтөрүп барып ырдап берем. Азыр ырларга дагы буйрутма берип койгонбуз. Дагы эки клип тарттырып жатабыз. Негизи кыялымда аялзатына шык бере турчу көркөм тасма тарткым келет. Учурда бул максаттын үстүндө жүрөм.

© SputnikНаргиза Осмонова: айымдар, сиздер бүгүнкү күндө таптакыр көңүлүңөр тартпаган жумушта иштеп жаткан болсоңор, тезинен андан качкыла дегим келет. Себеби ал жумуштан силер бактылуу боло албайсыңар
Участница из Кыргызтана на конкурсе красоты Missis Top of the World – 2016 Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Осмонова: айымдар, сиздер бүгүнкү күндө таптакыр көңүлүңөр тартпаган жумушта иштеп жаткан болсоңор, тезинен андан качкыла дегим келет. Себеби ал жумуштан силер бактылуу боло албайсыңар

— Айымдарга кандай кеңеш, каалоо-тилектериңиз бар? 

— Айымдар, сиздер бүгүнкү күндө таптакыр көңүлүңөр тартпаган жумушта иштеп жаткан болсоңор, тезинен андан качкыла дегим келет. Себеби ал жумуштан силер бактылуу боло албайсыңар. Адам жүрөгү сүйгөн кесиби менен алектенмейинче ийгиликке дагы жетүүсү күмөн экен. Сүйгөн ишиң болсо туш тараптан идеялар курчайт. Биз чыдамкай, күчтүү келебиз. Эң негизгиси аялдык бакыт каалайм. Эч качан жалгыз болбой, жүрөктө сүйүү болсун. Ар бир аялзатынын сүйүктүү болушун каалайм. Бала-чакасы менен бактылуу болуп, жакшылыктарын көрүшсүн. Себеби бул жашоодо тилеги орундалган адам гана бактылуу боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0