Чехиялыктарды тоногон бишкектик "сылык" уурулар конокторго акчасын кайтарып берди

© Фото / Азамат АйтбаевТуристтер. Архив
Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чехиялык туристтер арыз жазуудан баш тартып 8-ноябрда мекенине кайтышкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Чехиялык туристтерди тоногон бишкектик жарандар кечирим сурап, акчаларын кайтарып бергендигин Ички иштер министринин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Буга чейин бишкектик Бактыгүл У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал 7-ноябрда азиат улутундагы үч жаран өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып чехиялык жарандарды токтотуу менен документтерин сураганын айтып, алар жөнөкөй кийимчен болушканын белгилеген. Чет элдик жарандар документтерин көрсөтүп мейманканага келгенде капчыгынан 140 евросу менен 50 долларын таппай калышкан. 

"Бактыгүл У. кийинки күнү жарандарга доосу жок экенин айтып арызын кайтарып алган. Ага бир киши кайрылып кечирим суроо менен чехиялык конокторго 10 миң сомду берип коюну өтүнгөн. Арыз ээси чет өлкөлүктөрдөн кечирим сурап акчаларын кайтарып берген. Акчаны уурулардын бириши ыктымал. Башка адам андай кадамга барбаса керек", — деп ИИМден билдиришти. 

Чехиялык туристтер арыз жазуудан баш тартып 8-ноябрда мекенине кайтышкан. Анткен менен уурулук боюнча тергөө иштери уланып уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0