Мэрия: Бишкек түнкүсүн жарык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековРазбитый фонарь на столбе в городе Бишкек
Разбитый фонарь на столбе в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 11,1 миллион долларга каржылана турган "Бишкек шаарынын жарыктандыруу иштерин жаңылоо" долбоору каралды.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Совет мезгилинде орнотулган жарыктандыруу объектилеринин теңи бүгүнкү күндө иштебей турат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өкмөттүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координатордук кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйын өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү. Анда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 11,1 миллион долларга каржылана турган "Бишкек шаарынын жарыктандыруу иштерин жаңылоо" долбоору каралды.

Долбоорду мэр Албек Ибраимов тааныштырды.

"Азыркы учурда калааны жарыктандыруу системасын жаңылоо керек. Совет мезгилинде орнотулган 50 миң жарык берүү жайлардын ичинен бүгүнкү күндө 24, 5 миңи гана иштеп жатат. Бул долбоор ишке ашып калса, электр энергиясын да үнөмдөйт", — деди Ибраимов.

Аталган долбоор эми мекемелердин макулдашуусунан өтүп, Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0