Кайгуул милициясы: аял унаанын алдына келгенде өзү жыгылып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Facebook тармагын пайдалануучу милициянын кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып, бир аялды коюп кеткенин жазган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкекте жол кырсыгы катталды. Күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча Кайгуул милициясынын кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып, өтүп бараткан аялды коюп кеткен.

Милиция жол кырсыгы тууралуу маалыматты тастыктады.

Работа сотрудников ДПС в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаанын аялды сүзүп кеткени камерага түшүп калган
"Ооба, ишемби күнү саат 17.30да Жибек Жолу проспектисинен төмөн Абдырахманов көчөсүндө Кайгуул милициясы атайын сигналдарын күйгүзүп алып, жолдун карама-каршы тилкесине чыккан. Жөө кишинин өтүүсүнө тыюу салынган жерден 40 жаштагы аял өтүп бараткан. Айдоочу убагында тормоз басууга үлгүргөнүн айтууда. Бирок аял чалынып кеттиби, айтор так машинанын алдына келгенде жыгылып калды", — дешти Кайгуул милициясынан.

Жабырлануучуну милиция кызматкерлери Улуттук госпиталга жеткирип, ал жактан аялга баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. 

Учурда бул боюнча кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0